КУУда QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү
19.01.2023 16:19
2023-жылдын 19-январь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында QS рейтинг системасы жана Scopus/Web of Sсince платформалары боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү. Жыйынды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, Өкмөттүн чечими боюнча Улуттук университет жакынкы 3 жылдын ичинде эл аралык деңгээлдеги авторитеттүү QS рейтинг системасы боюнча Орто Азия мейкиндигиндеги белгилүү жогорку окуу жайлардын катарына кириши керек экендигин белгиледи жана учурда аталган рейтингге кирген Кыргыз-Түрк Манас университетинин тажрыйбасы менен таанышууну сунуштап, ал окуу жайдан келген кызматкерлерди тааныштырды.
Кыргыз-Түрк Манас университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Рита Исмаилова "Кыргыз-Түрк Манас Университетинин QS тажрыйбасы" деген темада баяндама жасап, жалпы эле рейтингдин, анын ичинен QS рейтингинин түрлөрү, QS рейтингин чыгаруу ыкмасы, Манас университетинин QS тажрыйбасы тууралуу айтып, азыркы учурда QS системасынын Азия рейтингине Борбордук Азиядан жалпысынан 43, анын ичинде Казакстандан 32, Кыргызстандан 2, Өзбекстандан 8 жана Тажикстандан 1 университет кирээрин билдирди. Баяндамачынын айтымында, рейтингди аныктоо 11 көрсөткүчтү өлчөө жолу менен жүргүзүлүп, анын 50 пайызын окуу жайдын академиялык аброю менен иш берүүчүлөрдүн арасындагы аброю түзөт.

