2024-жылдын 1-октябрында башкы имараттагы чоң жыйындар залында «Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу» аталышындагы Улуттук форум болуп өттү.
Жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз билим берүү академиясынын, Мамлекетик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун өкүлдөрү, о.э. эксперттер, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, бала бакча, мектеп, жогорку окуу жайлардын мугалимдери катышты.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин мугалими, акын Алтынбек Исмаилов көркөм ыр окуган соң, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумдун ишин ачык деп жарыялап, көп тилдүү билим берүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.
Андан кийин Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Билим берүү бардыгы үчүн: көп тилдүү билим берүүдө мамлекеттик тилдин ролу” деген баяндама жасады.
Форумдун темасы боюнча о.э. РПККЖКДИ ага окутуучусу, окуу китептеринин автору Оморова А.А. “Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутуу методикасына жаңы ыкмаларды жайылтуу”, №3- МЧББУнун директору Салтанат Кеңешчоро “Мектепке чейинки билим берүүдө көп тилдүүлүктү өнүктүрүү”, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Жумакадырова К.М. менен РПККЖКДИ ИТБ башчысы Артыкбаева Г.Э. “Чүй облусунда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча РПККЖКДИ менен КР Президентине караштуу МТТСУК биргелешкен ишмердиги” деген баяндамаларды жасашты.
Форумдун секциялык бөлүктөрүндө Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун тренерлери Кулалиева К.О. “Орус тилдүү мектептерде кыргыз тилин окутуудагы тажрыйбалар” Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары окутууну жакшыртуу үчүн котормо (экинчи) максаттуу тилдердин тажрыйбасын колдонуу”, Бекбоева А.А. “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди үйрөтүүнүн инновациялык ыкмалары”, РПККЖКДИ улук окутуучусу Ибраимова Р.У. “ахат Уметбековна “Эне тили сабактарында баалуулук мамиле калыптандыруу”, ал эми №3 МЧББУнун директору Кеңешчоро Салтанат, №82-МЧББУнун директору Түмөнбаева Гүлнара “Көп тилдүү билим берүү шартында мектепке чейинки билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу” деген мастер-класстарды өтүштү.
Форумдун жыйынтыгын Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Надира Джусупбекова менен КР БИМ мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Аркарбек Мамытов чыгарышты.