2024-жылдын 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпорациясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте Республикалык жогорку окуу жайлар арасында өтүүчү студенттердин “БИЛГИ” аттуу интеллектуалдык теледолбооруна Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин 5 студенттери (кыргыз филологиясы-4, тарых жана чөлкөм таануу институ-1) катышууда. Жетекчилери: университеттибиздин жаштар саясаты жана спорт департаментинин директору, доцент Кадыр уулу Алмаз, кыргыз филологиясы факультенин доценти Турдубаева Назгуль. Эң алгач, 2024-жылдын 15-майында чучук улак кармоо менен 22 жогорку окуу жайы өздөрүнүн каршылаштарын аныктаган. 1- айланпа: 20-майдан 24-майга чейин өтүп, чүчү кулак кармоонунун жыйынтыгында 22 жогоркуу окуу жайы бири-биринин каршылаштарын аныктап, жыйынтыгында 16 жогорку окуу жайы калган. 2-айланпа: 17-сентябрдан 20-сентябрга чейин өтүп, 16-жогорку окуу жайы катышып, 8 жогорку окуу жайы жеңип чыккан. 3-айланпа: 11-ноябрдан 12-ноябрга чейин өтүп, 8-жогорку окуу жайы катышып, жыйынтыгында 4- жогорку окуу жайы калды.
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясы.
2.К.Үсөнбеков атындагы КР Куралдуу Күчтөрүнүн Аскердик институту.
3.Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, ЖАМУ.
4. Ж.Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети.
4.-айланпа жарым финал. Декабрь айында жогоруда аталган 4 жогорку окуу жайларынын беттешүүсү менен өтөт. Биздин улуттук университетибиздин кыздары азамат!
(С) Назгуль Турдубаева – кыргыз филологиясы факультетинин доценти
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды


