2025-жылдын 20-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунда төртүнчү жана бешинчи курстун бүтүрүүчүлөрү үчүн салтанаттуу кече өткөрүлдү.
Бүтүрүүчүлөрдү институттун директору Уметов К.К., кафедра башчылары Акчекеева М.С. (лингвистика), Шаршенова Р.М. (котормо жана котормо таануу) жана Мамытова А.К. (корей тили) куттукташып, ак жол каалашты.
Салтанаттын жүрүшүндө окуудагы жетишкендиги жана студенттик жашоого активдүү катышкандыгы үчүн мыкты бүтүрүүчүлөргө ардак грамоталар тапшырылды.
Концерттик бөлүк да жогорку деңгээлде өттү. Студенттердин аткаруусунда кыргыз, француз жана орус тилдеринде ырлар жаңырып, ЛК-1-21 тайпасынын хору “Студенттик жашоо” чыгармасын аткарышты.
Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөргө ата-энелердин атынан жылуу сөздөр айтылып, окутуучуларга ыраазычылык билдирилди.
(С) Айжан Тыныбаева – тарбия иштери боюнча директордун орун басары














