Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим тармагы орду толгус оор жоготууга учурады. 2024-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Садыбакас Шатманов дүйнөдөн кайтты.
Белгилүү педагог, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Садыбакас Шатманович Шатманов 1932-жылы Талас областынын Талас районундагы Кара-Ой айылында туулган. Ата-энеси колхоздо иштеген карапайым дыйкандар болушкан. Миллиондогон адамдардын тагдырына так калтырган Улуу Ата Мекендик согуштун азап-тозогу, кайгы-муңу болочок окумуштууну да айланып өткөн жок. 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушта атасы курман болсо, 1945-жылы энесинен ажырайт. Алгач айылындагы Көк-Арык мектебинде 8-классты аяктап, райондо орто мектеп болбогондугуна байланыштуу Фрунзедеги (азыркы Бишкек) А.С.Пушкин атындагы №5-кыргыз орто мектеп-интернатына кирип, 10-классты 1948-жылы бүтүргөн. Ошол эле жылы келечектен көптү үмүттөндүргөн бүтүрүүчү Фрунзе шаарындагы педагогикалык институтка кабыл алынат.
«Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» деген элибизде накыл кеп бар. Согуштан келген агасы пединституттун мугалимдерди даярдоочу эки жылдык курсунда окуп калсын деп, айылдагы ини-карындаштарына баш-көз болуп, жардам берүү максатында окуусун таштап, туулган айылына кетүүгө аргасыз болот. Айылына барары менен районого кайрылып, андан буйрук алат да, Тегерек жети жылдык мектебинин 3-классына мугалим болуп дайындалат. Ошентип, жаш педагогдун байсалдуу, улуу сапары ушул мектептен башталат. Бирок жетишкендиктерине эч канааттанбаган, чоң максатты көздөгөн келечектеги окумуштууну тагдыр кайрадан Фрунзе шаарындагы педагогикалык институтка алып келди. 1950-жылы Фрунзе шаарындагы педагогикалык институттун филология факультетине кирип, аны 1954-жылы ийгиликтүү бүтүрөт да, «Орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими» деген квалификацияга ээ болот.
Бүтүрүүчүлөрдү бөлүштүрүүдө окууну мыкты бүтүргөн студент Эл агартуу министрлигинин органы болгон «Мугалимдерге жардам» (азыркы «Эл агартуу») журналына жолдомо алып, адегенде адабий кызматкер, кийин гуманитардык илимдер боюнча бөлүмдүн башчысы болуп 1959-жылга чейин иштейт.Ушул жылдары таланттуу жаш окумуштуу катары илимий чөйрөгө төбөсү көрүнө баштайт. Бул жылдар бардык жагынан жемиштүү мезгилдер эле. Алсак, эне тил жана адабият, аны окутуунун көйгөй маселелерине арналып, «Мугалимдерге жардам» журналына, «Мугалимдер газетасына» жарыяланган «Каратма сөздү окутуу жөнүндө» (1955), «Кыргыз адабиятында В.И.Лениндин образы» (№4,1957), «Грамматикалык параллелдүүлүктү колдонуп, кыргыз тили сабагын кандайча өткөрүү керек?» (№ 2, 1958), «Ээрчишүү деген теманы түшүндүрүүдөгү менин тажрыйбам» (№ 6, 1959) деген сыяктуу бир катар макалалары мугалимдер арасында жылуу пикирлерди жаратып, аны окумуштуу педагог катары таанытты. Бул эмгектерди ал тажрыйбалуу мугалимдердин сабактарына катышып, алар менен методикалык ой бөлүшүүнүн жана жеке педагогикалык эксперименттердин негизинде жазган эле. Муну менен анын келечектеги илимий изденүү жолу кыргыз тил илими жана кыргыз тилин окутууну методикасына багыттала башталат да, натыйжада 1961-жылы Кыргызстан илим-изилдөө педагогика институтуна аспирантурага кирип, аны 1964-жылы бүтүрөт.
Билимдүү, тажрыйбалуу жаш адисти «Мектеп» басмасы байкап калып, аны кыргыз тили жана адабияты боюнча белумгө редакторлук кызматка чакырат. Аталган басмада 1964-жылдан 1966-жылга чейин эмгектенет.
1966-жылы 8-январда Кыргыз мамлекеттик университетинин гуманитардык илимдер боюнча окумуштуулар кеңешинде филология илимдеринин доктору Сарыбай Кудайбергеновдун илимий жетекчилиги астында Кыргызстанда биринчилерден болуп тилди окутуунун методикасы боюнча «V класста зат атоочту окутуунун методикасы» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактайт. Ошол жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун лексикология жанан лексикография секторуна ага илимий кызматкер кызматына чакырылат. Бул жерде кыргыздын тарыхында биринчи жолу жарык көргөн, эки томдон турган «Азыркы кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн» түзүүгө катышат.
1960-жылдары Ош мамлекттик педагогикалык институтунда филология факультети жаңыдан ачылат. Өлкөдө, айрыкча Түштүктө, ал кезде кыргыз тили жана адабияты боюнча окумуштуу адистер аз болуп, мыкты кадрлар таңсык эле. 1968-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун чакыруусун өзүнүн ыйык вазийпасы катары эсептеп, педагогика илимидеринин кандидаты С.Шатманов эч ойлонбостон Ошко жөнөп кетет. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда 1994-жылдын октябрына чейин доцент, кафедра башчысы, декан жана профессорлук кызмат аткарып, илимий, терең мазмундуу лекцияларды, атайын курстарды окуп, Түштүктө жогорку квалификациялуу миңдеген жогорку билимдүү адистердин даярдалышына өз салымын кошот.
1994-жылдан баштап Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы болуп 10 жыл эмгектенген. 2006-жылдан баштап, 2016-жылга чейин, б.а., ардактуу эс алууга кеткенге чейин Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору болуп иштеди.
Профессор С.Шатманов «Мектепте зат атоочту окутуунун айрым маселелери» (1965), «Диктанттын түрлөрү жана аны өткөрүүнүн жолдору» (1967-ж.), орус мектептеринин 1-классы үчүн «Алиппенин» жана 2-класстын «Кыргыз тили» окуу китебинин, жалпы 100гө жакын илимий-методикалык макалалардын, окуу программалардын автору.
2010-жылы Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунан жарык көргөн «Кыргыз тилинин сөздүгүн» түзүүчү автордун бири жана редкология мүчөсү болгон.
Өзүнүн көп жылдык жемиштүү иши үчүн 1975-жылы Кыргыз ССРинин «Эл агартуунун отличниги», 1981-жылы СССР Жогорку жана орто атайын окуу жайлары Министрлигинин «Иштеги эӊ мыкты ийгиликтери үчүн» – деген төш белгиси менен сыйланган. Эмгектин ардагери.
«1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊишке 60 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган.
1995-жылы Педагогика ишине кошкон салымы үчүн кыргыз тили кафедрасынын профессору Шатманов Садыкабаска «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген кызматкер» деген ардактуу наам берилген.
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жамааты профессор Шатманов Садыкабас Шатмановичтин жаркын элесин эч качан унутпайт. Улуттук университеттин өнүктүрүүгө кошкон барандуу салымы менен окуу жайдын тарыхында ардактуу кызматкер катары кала берет. Үй бүлөсүнө жакындарына тереӊ көӊүл айтабыз жана аза кайгысын теӊ бөлүшөбүз.
(С) Д.Мырзагулова – мамлекеттик тил секторунун башчысы
