2025-жылдын 16-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорат кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынга биринчи проректор Алайбек Шамшиев төрагалык кылып, бардык маселелерге жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
Күн тартибиндеги биринчи маселе катары Эл аралык кызматташуу жана байланыштар боюнча департаменттин директору Бакыт Келдибеков университеттин эл аралык байланышы жана келечектеги багыттары тууралуу кеңири баяндама жасады. Ал КУУ дүйнөнүн көптөгөн жогорку окуу жайлары менен кызматташуу меморандумдарын түзүп, чет өлкөлүк элчиликтер менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатканын белгиледи. Ошондой эле, университетке гранттык негизде чет өлкөлөрдө билим алууга мүмкүнчүлүктөр ачылып, инвестициялар тартылып жатканы айтылды.
Экинчи баяндаманы Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Динара Мырзагулова жасап, мамлекеттик тилдин колдонулушу, кыргызча документ жүгүртүү маданияты, терминдердин системалуу колдонулушу жана чет элдик студенттердин кыргыз тилине болгон кызыгуусу тууралуу маалымат берди.
Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун кеңешинде Дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы Динара Осмонова аталган кафедрага профессор Омурова Толкун Омурованын ысымын ыйгаруу боюнча сунуш киргизди. Сунуш жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен жактырылды.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин директору Ынтымак Касмакунов өз баяндамасында КУУдагы жаштардын коомдук активдүүлүгү, студенттик ийгиликтер жана 2025-жылдагы “Универсиадада” университеттин үчүнчү орунга ээ болушу, “Enactus” командасынын жетишкендиктери тууралуу айтып өттү.
Андан сырткары, академиялык мобилдүүлүк программаларынын 2024–2025-окуу жылына карата ишмердүүлүгү боюнча Окуу башкармалыгынын академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Саадат Шерматова отчет берди. Ал академиялык мобилдүүлүк программалары КУУнун эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө болуп жатканын белгиледи.
Жыйында ошондой эле Чет тилдер институтунун түзүмүн өзгөртүү маселеси каралды. Бул боюнча биринчи проректор, Сапат кеңешинин төрагасы Алайбек Шамшиев маалымат берип, түзүмдүк өзгөртүүлөрдүн зарылдыгы тууралуу негиздеме келтирди.
Ошондой эле жыйында КУУдагы билим берүү сапатынын жаңы саясаты жана максаттары тууралуу кеңири баяндама жасалып, биринчи проректор, окуу иштери боюнча проректор, КУУнун Сапат кеңешинин төрагасы Алайбек Шамшиев бир катар сунуштарды киргизди. Анын сунуштары жыйындын катышуучулары тарабынан колдоо тапты.
Кеңештин жүрүшүндө тил дисциплиналары боюнча 2024–2025-окуу жылындагы студенттердин билим деңгээлине жасалган талдоо тууралуу баяндаманы окуу башкармалыгынын билим берүүнүн сапаты, мониторинги, аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башкы адиси Надежда Хромцова сунуштады. Талдоо учурунда бир катар кемчиликтер да көтөрүлүп, талкууга алынды.
Акырында, Илим жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Урматбек Тыналиев “КУУнун профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин Scopus, Web of Science жана Google Scholar маалыматтык-аналитикалык базаларда индекстелүүчү илимий эмгек активдүүлүгүн шыктандыруу жөнүндө” жобо боюнча баяндама жасады. Ал КУУнун окутуучуларынын эл аралык журналдарда илимий макалаларды жарыялоосу жылдан-жылга жогорулап жатканын баса белгиледи. Жыйын соңунда университеттин илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясы да талкууланды.
PhD докторантура бөлүмүнүн башчысы Досаалы Иманбердиев PhD дипломуна байланыштуу маалымат берип, министрликтин экиге бөлүнүшүнө байланыштуу учурда бүтүрүүчүлөргө дипломдор убактылуу бериле электигин түшүндүрдү. Ал ошондой эле PhD диплому үч тилде даярдалып жатканына токтолуп, анын айрым формалдык мүчүлүштөрүн оңдоо боюнча сунуштарын берди. Бул маселелердин баары 2025-жылдын 18-июнунда өтө турган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окумуштуулар кеңешинин күн тартибине чыгарылмакчы.