Кыргыз Улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев 2024-жылдын 1-мартынан баштап Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын УТРК телеканалында “Кыргыз баяны” аттуу автордук программаны алып барууда.
Аталган проект кыргыздардын этностук тарыхын, этногенезин, археологиясын, салттуу маданиятын, социалдык-саясий кубулуштарын, кыргыз тилин, фольклорун изилдеп, калк назарына сунуш этүүгө арналган.
Эфирден кеткен берүүлөрдө кыргыз тарыхынын урунттуу доорлору, маанилүү окуялар, тарыхый-теориялык маселелер, инсандар ж.б. илимий маселелер илимий негиздүү изилденет. Кыргыз тарыхынын урунттуу маселелерин талкуулоодо ата мекендик жана чет өлкөлүк белгилүү адис-окумуштуулар катышат. Кыргыз тарыхынын теориялык маселелерин талкуулоо логикалык жана хронологиялык тартипте жүрүзүлөт.