2025-жылдын 15-январында “Тилдерди кесиптик багытта окутууда жасалма интеллектти колдонуу технологиялары” аталышындагы семинар-тренинг өз ишин улантып, бул күнү КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КР эл жазуучусу, пед.и.д., профессор Сулайман Рысбаев “Тилдерди  кесиптик багытта окутуунун окуу программасынын долбоору жана деңгээлдер боюнча окутуу маселелери” деген темада баяндама жасады.  

Сабак угуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болуп, пикир алмашуу жана суроо-жооп форматында талкуулар болду.

Ал эми 16-январь күнү Ала-Тоо эл аралык университетинин квалификацияны жогорулатуу жана инновация институтунун директору, ф.и.к. Кундуз Жузупекова “Илимий макала жазууда жасалма интеллектти колдонуу жолдору” деген темада мастер-класс өтүп, катышуучулар үйрөнгөн көндүмдөрүн практикалашты. Баяндама угуучуларга кызыктуу жана пайдалуу болуп, пикир алмашуу жана суроо-жооп форматында талкуулар болду.

Семинардын соңунда мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев атайын убактыларын бөлүп, пайдалуу жана керектүү маалыматтары, тажрыйбалары менен бөлүшкөндүгү үчүн лектор-тренерге алкыш айтып, Улуттук университеттин ыраазычылык катын  тапшырды.

Катышуучулар жасалма интеллект тууралуу кенен түшүнүккө ээ болуу менен бирге бул тармакка кызыгуулары ойгонгонун белгилешип, ыраазычылыктарын билдиришти. Семинардын соңунда катышуучуларга сертификат тапшырылды.

(С) Мырзагулова Динара – мамлекеттик тил бөлүмүн башчысы

Добавить комментарий