2025-жылдын 24-июнь күнү Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан «Кыргыз денизи» санаторийинин спорттук базасында Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлеринин арасындагы «Ден соолук» спартакиадасынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Ачылыш аземинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып сүйлөп, мелдештин жалпы катышуучуларын “Ден соолук-2025” спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктап, аталган иш-чара ЖОЖ кызматкерлерин сергек жашоого, дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келе жатканын белгиледи. Догдурбек Чонтоевдин айтымында, бул спорттук майрамдын негизги максаты – жогорку окуу жайлардагы корпоративдик духту көтөрүү эле эмес, алардын арасындагы байланыштарды чыңдап, окутуучулар ортосундагы достук мамилелерди бекемдөө, ар бир университеттин окутуучулары менен кызматкерлеринин спорттук потенциалын көрсөтүү, мыкты спортчуларды аныктоо жана кызматкерлерди спорт менен машыгууга шыктандыруу.

Ректор андан ары Спартакиадага Кыргыз улуттук университетинен спорттун “Стол тенниси”, “Шахмат”, “Стритбол”, “Футбол”, “Волейбол”, “Тогуз коргоол”, “Ордо” сыяктуу 7 түрү боюнча 65 катышуучу катышып жатканын билдирип, бардык катышуучуларга “Адилеттүү күрөш жана татыктуу жеңиштер болсун! Күчтүүлөр утсун. Татыктуу утуп, татыктуу утулуп, тартипти сактап, спорттук жакшы жыйынтыктарга жетишиңиздерге тилектешмин” деген каалоо-тилектерин айтып, ар бир катышуучуга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, Спартакиаданын мелдештери 29-июнга чейин өткөрүлөт.

Добавить комментарий