2025-жылдын 16-январында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев УКМК Академиясынын имаратында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилери (министрдин орун басарлары), жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптик колледждер жана лицейлердин директорлору менен кеңешме өткөрдү.

К.Ташиев буга чейин УКМК башка иштер менен алек болуп, билим берүү системасына дээрлик көңүл бурулбагандыгын, бул сферага эми “кезек келгенин” баса белгиледи.

УКМК жетекчисинин айтымында, 2020-жылдын октябрынан азыркы учурга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жогорку билим берүү системасынын 34 кызматкери – 4 ректор, 1 проректор, 10 директор, 6 декан жана алардын орун басарлары, 13 окутуучу – кылмыш жоопкерчилигине тартылган. К.Ташиев айрым окутуучулар менен жетекчилер академиялык тазалыкты сактабастан, өздөрүнүн окуу жайларында коррупциянын жайылышына салым кошуп жаткандыгын белгилени.

УКМК төрагасы 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартууну пландап жатканын, бүгүнкү күндө көрсөткүч 30-40 пайыздык деңгээлде болуп, ал эми мурдагы мезгилдерде үрөй учурган 70-80 пайызды түзгөндүгүн билдирди.

Добавить комментарий