2024-жылдын 26-сентябрь күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына арналган иш чара болуп өттү.
Жыйынды окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев ачып, сөз кезегин Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Гүлзат Алымкуловага берди. Ал залда отурган юридика институтунун 3-4-курс студенттерине «Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду жана ролу» деген темада лекция окуп, Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратуранын ишинин укуктук негизи жана Кыргыз Республикасындагы прокуратура системасы тууралуу айтып берди.
Лекцияны студенттер кызыгуу менен угуп, соңунда кызыктуу сабак үчүн Гүлзат Абатбековнага терең ыраазычылык билдиришти.
Иш чарага о.э. Бишкек шаардык прокуратурасынын прокурору Марат Мукашев катышты.









