2025-жылдын 7-февралында КУУнун студенттери Нурсултанов Нурлан, Туратбеков Жанболот жана Арген уулу Медербек 7-каналдын “Таң сыры” көрсөтүүсүнө барып, конок болуп келишти.
Эфирдин жүрүшүндө алар Улуттук университеттеги маданий иш-чаралар, КУУнун студенттеринен чогулган КВН командасы, о.э. алдыдагы максаттары тууралуу кеп кылышты.
Бул студенттердин биздин окуу жайдын маданий иш-чараларында оозго алып айтарлык эмгеги бар, таланттуу мырзалар десе болот. Алар “Көңүлдүү жигиттер” КВН жогорку лигасына жолдомо алышып, чемпион болуу максатын көздөп турушат.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин бөлүм башчысы

