2025-жылдын 3, 7-март күндөрү Украинанын илимий басылмалар компаниясын өкүлү Павел Лерой КУУнун окумуштуулары жана аспиранттары үчүн вебинар өтүп берди.

3-март күнү ал Scopus жана Web of Science журналдарына өз алдынча макала жарыялоо жана ал процедуранын этаптары жөнүндө, ал эми 7-мартта илимий-изилдөөлөрдө жасалма интеллекти колдонуу, ChatGPT жана башка сервистердин жардамы менен макала жазуу жана анын этикалык жактары боюнча иллюстративдик форматта кызыктуу жана мазмундуу лекция окуду.

Сабактарга 100дөн ашуун КУУнун кызматкерлери катышты. Вебинарлардын соӊунда университеттин илимий иштер боюнча проректору Мирлан Дылдаев Украиналык компаниянын өкүлүнө ыраазычылык билдирип, кызматташууга университет даяр экенин айтты жана январь айында башталган мындай семинар/вебинарлар КУУнун жаш окутуучуларынын, аспиранттарынын жана жалпы кызматкерлеринин илимий-изилдөөчүлүк көндүмдөрүн жогорулатууга жакшы өбөлгө түзөөрүн баса белгилеп, кийинки вебинар дагы чет өлкөлүк окумуштуулардын катышуусунда өтө турганын билдирди.

Добавить комментарий