Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине карата университет өз каражатына 100 китеп басып чыгарат. Жакында бул долбоор боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү. Иш-чарага КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев катышты.
2025-жылдын 14-январында түзүлгөн комиссиянын курамы 18 кишиден туруп, үч багытта иш алып барды:
- табигый-техникалык (төрага Э. Мамбетакунов)
- экономикалык (төрага И. Искаков)
- коомдук-гуманитардык ( төрага К. Абакиров)
Комиссия жалпы 101 кол жазманы карап чыгып, алардын ичинен 96 томдон турган 86 аталыштагы эмгек басмага сунушталды. Алардын курамында 22 монография, 55 окуу куралы, 9 кошумча окуу куралы жана тарыхый баалуу эмгектер бар. Айрыкча Белек Солтоноевдин «Кызыл Кыргызстан» жана Жусуп Баласагындын 5 томдук чыгармалар жыйнагы өзгөчө мааниге ээ.
Китептер тилдик багыттар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- кыргыз тилинде — 62 эмгек
- орус тилинде — 20 эмгек
- англис, немис жана француз тилдеринде — 4 эмгек.
Багыттар боюнча: табигый-техникалык — 16 эмгек, экономикалык — 11, коомдук-гуманитардык — 59. Талаптарга жооп бербеген 5 эмгек тизмеден чыгарылган.
Ректор Чонтоев басылмалардын мазмуну жана сапаты жогорку деңгээлде болушу зарыл экенин белгилеп, авторлорго жоопкерчиликтүү мамиле кылууну эскертти:
«Китептердин ар бири университеттин жүз жылдык тарыхына татыктуу болууга тийиш. Толук даяр эмес материалдар басууга сунушталбайт», — деп баса белгиледи ал.
Комиссиянын мүчөлөрү жана авторлор бул демилге КУУнун тарыхында алгачкы ирет ишке ашып жаткан ири басма долбоор экенин белгилешти.









