2024-жылдын 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын илиминин өнүгүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү окумуштуу-математик, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Аскербек Саадабаев 74 жаш курагында дүйнө салды. Кыргыз улуттук университетинин өнүгүшүнѳ 50 жыл өмүрүн арнаган Аскербек агайыбыздын жаркын элеси кесиптештеринин жана студентеринин жүрөгүндѳ сакталат.

Аскербек Саадабаев 1950-жылы 3-июнь күнү Жумгал районунун Чоң-Дөбѳ айылында туулган. 1967-жылы Чаек орто мектебин алтын медаль менен бүтүрүп, ошол эле жылы КМУнун механика-математика факультетине тапшырган.

Студенттик жылдар учурунда 3 жыл бою окуунун мыктысы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн берилүүчү «Лениндик стипендиянын» ээси болуп, аталган факультетти 1972-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

1973-жылы КР илимдер академиясынын физика-математика институтуна кенже илимий кызматкер болуп орношуп, академик М.И.Иманалиевдин жетекчилиги менен критериялык учурдагы теңдемелерди изилдеп, бул маселелердин корректүү эмес маселер менен байланышы бар экендигин байкаган.

1977-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болуп, КМУнун дифференциалдык теңдемелер кафедрасында окуутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы кызматын аркалап келип, 1993-1998-жылдары факультеттин деканы болуп кызмат ѳтѳдү.

1993-жылы Новосибирск мамлекеттик университетинин окумуштулар кеңешинде докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, 1994-жылы профессордук наамга ээ болгон.

1998-2006-жылдары И.Арабаев атындагы КМПУнун илимий иштери боюнча проректору болуп эмгектенген.

2006-2009-жылдары Ж.Баласагын атындагы КУУнун окуу иштери боюнча проректору кызматын аркалаган.

2019-жылдан баштап өмүрүнүн акырына чейин дифференциалдык теңдемелер кафедрасынын башчысы кызматында үзүрлүү эмгектенип келди.

Аскербек агай жарым кылым өмүрүн арнап, математика жана информатика институтунун, биз иштеп жаткан университетибиздин өсүп-өнүгүшүнѳ зор салым кошту. Анын эмгек жолунда 150дөн ашык илимий эмгектери жарыяланып, 6 илимдин кандидаттарын чыгарып, 1 илимдин докторун даярдап, көптөгөн математиктерди тарбиялады.

Илимий турмушка активдүү катышып, СССР кезинде Москва шаарында өткөн бүткүл союздук, Новосибирск шаарында өткөн сибирдик жана көптөгөн эл аралык конференцияларда «Асимптотикалык ыкмалар боюнча жана методдорду сунуштоо» багытында бир нече жолу жогорку дэңгээлдеги баяндамаларды жасаган.

Математика илиминин өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугу жана кѳп жылдык педагогикалык ишмердүүлүгү бааланып, «КР илимине эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» аталышындагы мамлекеттик сыйлыктарынын ээси.

Саадабаев Аскербек агайыбызды билим тармагында чоң салым кошкон сүйүктүү педагог жана сабаттуу жетекчи катары дайыма эстеп жүрөбүз.

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий