2024-жылдын 28-ноябрь күнү Казакстан Республикасынын Астана, Семей, Алматы жана РФ УрМУ университеттеринен академиялык мобилдүүлүк менен келген конок студенттерине Ч. Айтматов музейине жана “Ынтымак Ордо” өкмөт үйүнө экскурсия уюштурулуп аны мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенттик кеңешинин төрагасы Темиркулов Акылмырза баштаган факультеттин активист студенттери коштоп жүрдү. Экскурсия студенттерге Айтматов ааламын кеңири таануу жана кыргыз элинин каада салттары тууралуу албан түшүнүк берди.
Экскурсияны уюштурган: академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнү экспорттоо жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы Шерматова Саадат Нурлановна.
(С) Суймонова Ж.М.-тарбия иштери боюнча декандын орун басары.



