2025-жылдын 12-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Кыргыз-казак мамилелери: тарыхый сабактар жана азыркы заман» темасында эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чара Казакстандын тарыхчылары жана эл аралык илимий коомчулуктун өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыктын алкагында уюштурулду.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев өз сөзүндө Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыздар менен казактар бир тууган элдер” деген чакырыгына токтолуп, конференция бул чакырыктын мазмунун илимий деңгээлде ишке ашырууга багытталганын белгиледи. Ал ошондой эле тарыхты бурмалоого жана эки элдин ортосуна жик салууга багытталган аракеттерге жол берилбеши керектигин эскертти.

Конференциянын жүрүшүндө белгилүү тарыхчылар кыргыз-казак тарыхый, маданий жана саясий байланыштарын жаңыча илимий көз караш менен талдап, архивдик материалдардын негизинде жаңы ачылыштар менен бөлүшүштү. Талкуулар 18–19-кылымдардагы тарыхый окуяларды ар тараптуу изилдөөгө багытталып, келечектеги кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган сунуштар айтылды.

«Бул татаал тарыхый мезгилди илимий негизде талдоо аркылуу гана биз өткөндөн сабак алып, бүгүнкү жана эртеңки бир туугандыкты чыңдай алабыз. Кыргыз улуттук университети  эки элдин ортосундагы диалогго жана түшүнүшүүгө илимий аянтча болууга даяр», — деп жыйынтыктады ректор Догдурбек Чонтоев.

Конференция жыйынтыгында илимий макалаларды биргелешип жазуу, кыргыз-казак алакасын өркүндөтүүгө багытталган сунуштар кабыл алынды. Иш-чара эки элдин стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого жана жалпы тарыхты жаш муундарга жеткирүүгө багытталды.

Добавить комментарий