Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институтунун директору Жылдыз Усенбаева Кытай Эл аралык кытай тилин окутуу фонду тарабынан уюштурулган жергиликтүү Конфуций институттарынын директорлору үчүн семинарга катышты.

Семинар 2024-жылдын 9-июнунан 17-июнуна чейин Кытай Эл Республикасынын Чунцин шаарындагы Түштүк-Батыш университетинде өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн, анын ичинде АКШ, Доминикан Республикасы, Россия, Куба, Марокко, Иордания, Танзания, Малайзия, Түштүк Корея, Кабо-Верде, Мексика, Испания, Румыния жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышты.

Семинардын алкагында кытай тилин окутуу жана үйрөтүү багытында ар түрдүү презентациялар, талкуулар, пикир алмашуулар, ошондой эле бир катар программа жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаранын бардык этаптарында Ж. Усенбаева активдүү катышып, тематика боюнча презентацияларды сунуштап, баяндамалар менен чыгып сүйлөдү. Анын жигердүү катышуусу жогору бааланып, “Активдүү катышуучу” сертификаты жана эл аралык деңгээлдеги окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы тууралуу сертификат менен сыйланды.

Белгилей кетсек, Жылдыз Усенбаева бул семинарга Борбор Азия мамлекеттеринен чакырылган жападан жалгыз өкүл болуп катышты.

(С) Жылдыз Усенбаева – Конфуций институтунун директору

Добавить комментарий