2024-жылдын 25-ноябрынан 25-декабрына чейин Улуттук университетте 73-Спартакиада өтүүдө.
26-28-ноябрда өткөрүлгөн футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:
- 1 орун: Экономиканын жогорку мектеби
- 2 орун: География, экология жана туризм факультети
- 3 орун: Юридикалык институт.
28-29 ноябрда өткөрүлгөн стол үстүндөгү теннис боюнча мелдештин жыйынтыгы:
Кыздар арасында:
- 1 орун: Математика жана информатика институту
- 2 орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
- 3 орун: Химия жана химиялык технологиялар факультети.
Балдар арасында:
- 1 орун: Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институту
- 2 орун: Кыргыз – Европа факультети
- 3 орун: И.Ч.Исамидинов атындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту.
Ордо боюнча
- 1 орун: Юридикалык институт
- 2 орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети
- 3 орун: Тарых жана чөлкөм таануу институту.
29-ноябрда 73-Спартакиаданын расмий ачылыш аземи болуп, мамлекеттик тил боюнча проректор Н.И.Ишекеев сөз сүйлөдү.
(С) Ш.А.Абдыкеримов – факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы













