2025-жылдын 10–11-июнь күндөрү География, экология жана туризм факультетинин профессордук-окутуучу курамы менен студенттери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесине арналган атайын экспедиция уюштуруп, “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркындагы “Ураган жар” капчыгайындагы деңиз деңгээлинен 4070 метр бийиктикте жайгашкан “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети” чокусуна көтөрүлүп, ал жерге эстелик такта жана күн батареясы менен иштеген байланыш “маягын” орнотуп кайтышты. Аталган техникалык каражаттар Улуттук университет тарабынан каржыланды.

Экспедициянын курамында факультеттин доцент Касымалы Жумашев, ага окутуучу Кенжебек уулу Асанбек (экспедиция жетекчиси), ага окутуучу Болот Шаршеев, ошондой эле факультеттин 2-курсунда окуган 21 студенти болушту. 83 жаштагы тажрыйбалуу альпинист Касымалы агай чокуга чыгаардан мурун студенттерге коопсуздук эрежелери тууралуу маалымат берип, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Улуттук университеттин тарыхындагы маанилүү окуялардын бири катары белгиленген бул иш-чара билим менен практиканы айкалыштырып, студенттердин тоо-изилдөө тажрыйбасын тереңдетүүгө жана КУУнун кылымдык тарыхын даңазалоого багытталды.

Кошумча маалымат.

Чокуга 2002-жылдын 15-июлунда “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университет” аталышы берилген. Чокунун татаалдык категориясы – 1Б. 2006-жылдын 21-майында аталышы жазылган такта орнотулган. Факультеттин окутуучулары менен студенттери буга чейин 6 жолу экспедиция уюштурган.

(С) Кенжебек уулу Асанбекгеография, экология жана туризм факультетинин ага окутуучу

Добавить комментарий