КУУнун илим бөлүмү – университеттин илимий-изилдөө иштерин координациялоочу, уюштуруучу жана көзөмөлдөөчү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

КУУнун илим бөлүмүнүн негизги милдеттери:

  • КУУда илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, КУУнун кызыкчылыгын негизинде, анын кызматкерлеринин, студенттеринин, бакалаврларынын, магистранттарынын, PhD, аспиранттарынын жана докторанттарынын илимий ишмердүүлүктөрүнүн натыйжаларын натыйжалуу башкаруу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле илимий-изилдөө ишмердүүлүк боюнча кеӊештерди берүү жана илимий-техникалык кызматтарды көрсөтүү.
  • Студенттердин илимий-изилдөө иштеринин жана профессордук- окутуучулук курамынын (ПОК) мыкты илимий иштердин конкурстарын өткөрүү.
  • Келип түшкөн документтерди, отчетторду жана сунуштамаларды иштеп чыгуу.
  • Бөлүмдүн ишине натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн жакшыртууларды сунуштоо жана киргизүү.
  • Ректордун жана илимий иштер боюнча проректордун тапшырмаларын, анын ичинде уюштуруу жана административдик милдеттерди аткаруу.
  • Университеттин илимий ишинин натыйжаларын эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү, анын ичинде маалыматтарды актуалдаштыруу системасын жүргүзүү.
  • Кызматкерлерге жана студенттерге интеллектуалдык менчик жана илимий изилдөөлөрдү башкаруу маселелери боюнча, анын ичинде контракттык ИИИ боюнча кеңеш берүү.
  • Мамлекеттик буйрутма боюнча илимий-изилдөө иштерин пландаштыруу, контролдоо жана жыйынтыктарын чыгаруу, Илимий- техникалык кеңештин жыйындарын даярдоо жана өткөрүү, долбоорлорду тариздөө жана жылдык отчетторду даярдоо.
  • Университетте илимий мектептерди, илимий-изилдөө институттарын жана илимий лабораторияларды түзүү, өнүктүрүү жана кураторлук кылуу боюнча иштерди уюштуруу жана өткөрүү.
  • Лицензиялык макулдашууларды, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруунун башка механизмдерин түзүүнү жана мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу.
  • Мамлекеттик жана жеке фонддордон, ошондой эле эл аралык уюмдардан изилдөө контракттарын жана гранттарды тартууга көмөктөшүү.
  • Илимий чөйрөдө билим жана тажрыйба алмашуу үчүн конференциялар, семинарлар жана тегерек столдор сыяктуу илимий иш- чараларды уюштуруу.

УЧА

Эл аралык долбоорлор

Конференциялар, семинарлар жана тренингдер

Конкурстар, гранттар

Маалымат каттар

ИИИ пландары

Отчеттор

Нускамалар

Добавить комментарий