2025-жылдын 13-июнунда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине иш сапары менен келип, окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты.

КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев министрге университеттин азыркы абалы тууралуу маалымат берип, билим берүү процессиндеги заманбап жаңылыктарга токтолду.

— Улуттук университет өзүнүн 100 жылдык тарыхында 200 миңге жакын адисти даярдап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Бүгүнкү күндө 30 миң студент билим алып, 3 миңге жакын профессордук-окутуучулар курамы иштеп жатат. Университетти дүйнөлүк QS рейтингине киргизүү боюнча да активдүү иштер жүргүзүлүүдө, — деди ректор.

Министр иш сапарын Борбордук Азиядагы өзгөчө, интерактивдүү билим берүү мейкиндиги болуп эсептелген Smart класс менен таанышуудан баштады. Бул класста өтүлгөн лекцияларга чет өлкөдөн да студенттер онлайн катыша алышат. Ал кош диплом программаларын жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашырууда мыкты коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздайт.

Министр Бактияр Орозов журналистика жана коммуникация институтунун иши, “Баласагын ТВ” студиясынын ишмердиги жана студенттердин УТРК менен болгон кызматташтыгы тууралуу маалымат алды.

Ошондой эле министр Кыргыз филологиясы факультетиндеги түрк тилин окутуу борборунда болду. Түрк тилин үйрөнүү борбору (TTEÖMER) Түркия элчилигинин колдоосу менен 2016-жылы ачылган. Учурда бул борбордо Түркиядан келген мугалимдер бекер курстарды өткөрүп, 2024–2025-окуу жылында 386 угуучу билим алууда.

Андан соң ректор Чонтоев 2012-жылдан бери пайдаланылбай келген жатакананын ордуна 16 кабаттуу көп функциялуу жаңы имарат куруу пландары тууралуу айтып өттү.

— Бул жаңы комплекс студенттердин окуу жана жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган, заманбап талаптарга жооп берет, — деди ал.

Медициналык факультеттин базасы менен таанышкан министр техникалык жабдууларды жаңыртуу зарылдыгын белгилеп, сунуштарын берди.

Фундаменталдык илимдер институтундагы Жасалма интеллект борборунун иши да министрдин көңүлүн бурду. Аталган борбор 6 багытта иш жүргүзүп, мамлекеттик буюртмалардын алкагында илимий жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө.

Сапардын соңунда министр Кыргыз-япон борборундагы “Тамак-аш даярдоо технологиялары” лабораториясынын иши менен таанышып, студенттердин практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жогорку баа берди. 2024-жылы негизделген Кыргыз-япон институтунун максаты — япон тилин жана маданиятын терең өздөштүргөн, эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоо.

Министр Бактияр Орозов сапардын жыйынтыгында: — Билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керек. Илимий иштер турмушта колдонулуп, мамлекетке жана коомго практикалык пайда алып келиши зарыл, — деп баса белгиледи.

Добавить комментарий