Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институту 2025-жылдын 9-июнунан 23-июнуна чейин Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучу курамы жана башка билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн “Педагогикалык чеберчиликти өркүндөтүү” аталышындагы квалификацияны жогорулатуучу курсуна кабыл алууну жарыялайт.
Узактыгы: 2 жума.
Көлөмү: 72 саат. Аяктагандан кийин КУУнун күбөлүгү берилет.
Өткөрүү форматы: оффлайн, онлайн (катышуучулардын тандоосу боюнча)
Даталар, убакыт жана өткөрүлүүчү жай катышуучулар менен макулдашылат.
Курстун баасы:
- Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучулары үчүн: 2000сом
- Башка билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү үчүн: 2500 сом
Байланыш үчүн: ККДКЖ институтунун квалификацияны жогорулатуу бөлүмүнө кайрылыңыздар.
Дареги: КУУнун 7-окуу корпусу, Турусбеков көчөсү 109, 325-кабинет. Телефон: (0555) 62-15-57