Журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк Уралдын борбору Екатеринбург шаарында өткөн III Эл аралык аялдар форумуна Ардактуу конок катары чакырылып,  катышып келди. Эл аралык деңгээлдеги иш чара «Биримдик. Ынтымак. Өнүгүү» деген аталышта өтүп, 30-майдан  1-июнга чейин уланган. Анда институттун директору ШКУга мүчө өлкөлөрүнүн кызматташуусунун алкагында “Ж. Баласагын атындагы КУУнун «Россия» медиа борборунун бирдиктүү маданий медиа-кодду түзүүдөгү жана Россия менен кызматташтыкты чыңдоодогу ролу” деген аталышта доклад окуду.

Форумга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 20дан ашык мамлекеттин өкүлдөрү катышып, жалпы саны 15 миңден ашкан. Ушундай абройлуу, салмактуу, масштабдуу аянтта Ш.Костюк “Россия” телеканалынын белгилүү журналисти, алып баруучу, спорт комментатору  Дмитрий Губерниев жана белгилүү журналист, алып баруучу Мария Ситтель менен жаратман журналистика, журналистиканын келечеги жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Эл аралык аялдар форуму – бул аялдардын карьералык өсүшү жана коомдук ишке катышуусу менен байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн платформа болуп эсептелет.

Салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктардын маселелеринен баштап дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөйлөр талкууланган бул форумда  катышуучулар өзүнчө тематикалык сессияларынын алкагында ой пикирлери менен бөлүшүштү.

(С) П.Джаныбекова, адис

Добавить комментарий