Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрында болуп өткөн жыйынында 21-сентябрь – Жусуп Баласагын күнү деп бекитилип, бул күн эми жыл сайын белгиленет.

Мындай чечим Кыргыз Өкмөтү тарабынан улуу ойчулдун чыгармачылыгын сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу максатында кабыл алынды.

Министрлер Кабинетинин бул чечими Жусуп Баласагындын ысымын 2002-жылдан бери алып жүргөн Кыргыз улуттук университетинин жамааты үчүн өзгөчө жагымдуу жаңылык. Улуу ойчулдун “Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң мандай ачык жаркырап!” деген сөздөрү окуу жайдын студенттери менен профессордук-окутуучулук жамаатынын дайым эсинде.

Эскерте кетсек, Жусуп Баласагын – XI кылымда Караханиддер мамлекетинде, Кашкар жана Баласагын шаарларында (азыркы Токмок шаарына жакын Бурана конушу) жашаган түрк тилдүү акын жана ойчул. «Кутадгу билиг» поэмасынын автору.

Добавить комментарий