Билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан алынган маалымат боюнча, Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS Asia University Ranking 2025) жарыяланып, анда Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи:

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
  • Ош мамлекеттик университети (260-орун);
  • Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун).

“Бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана өлкө жетекчилиги тарабынан акыркы 2-3 жылда кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын натыйжасы, – дейт министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

Белгилей кетсек, Улуттук университет аталган рейтингге алгачкы жолу катышып, ушундай жыйынтыкка жетишти.

Добавить комментарий