Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, белгилүү тилчи жана адабиятчы Ишенбек Султаналиев Түрк маданиятынын эл аралык уюму — “ТҮРКСОЙ” тарабынан ыйгарылган медаль менен сыйланды.

Сыйлыкты “ТҮРКСОЙ” уюмунун өкүлү Мар Топоев тапшырды. Ал өз сөзүндө Ишенбек Султаналиевдин түрк элдеринин маданий мурастарын изилдөө жана даңазалоого кошкон салымын жогору баалап, терең ыраазычылык билдирди.

Профессор Султаналиев Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинде көп жылдардан бери эмгектенип келет. Ал сатирик акын Мидин Алыбаевдин чыгармаларын изилдеп, ушул багытта илимий даража алган. Ошондой эле Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашкари сыяктуу улуу мурас ээлеринин чыгармаларын которууга катышкан, кыргыз тили жана адабияты боюнча илимий макалаларды жарыялаган. Профессор Ишенбек Султаналиевдин илимий ишмердүүлүгү эл аралык деңгээлдеги конференциялардагы докладдар, баяндамалар жана басылмалар менен коштолуп келет. Бул багыттагы үзүрлүү эмгектери “ТҮРКСОЙ” уюмунун сыйлыгы менен белгиленди.

Добавить комментарий