2025-жылдын 19-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 2026–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча кеңири талкуу болуп өттү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, институттардын жана факультеттердин башчылары, тил саясаты боюнча адистер катышты.

Мелис Мураталиев улуттук университеттин жамаатына кайрылып, кыргыз тилин кеңири колдонуу, мамлекеттик тилде окуу китептерин даярдоо жана терминологиялык иштерди жүргүзүү боюнча сунуштарын берди.

Ректор Догдурбек Чонтоев бул сунуштарды колдоого алып, КУУ мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кесиптик терминологияны иштеп чыгуу жана тил саясатын ишке ашыруу багытында кеңири иштерди жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

КУУда бардык иш кагаздары, окуу процесси, жыйындар жана иш-чаралар негизинен мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, чет элдик студенттер үчүн кыргыз тилин окутуу аркылуу коомго интеграциялоо иштери да жүргүзүлөт. Жыйын учурунда Улуттук комиссия тарабынан “АЙТИЛ – акыл ачкычы” (aitil.kg) аттуу жасалма интеллектке негизделген жаңы платформа тааныштырылып, аны кеңири колдонуу сунушталды.

Добавить комментарий