Юридикалык институтта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык маарекесине арналган “100 жылдыкка – 100 кабинет” иш-чарасынын алкагында Токтобаев Болот Токтомышевичтин “Укук мектеби” кабинетинин ачылышынын аземи болуп өттү.

Б.Т.Токтобаев – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридикалык илимдин доктору, профессор, юридикалык институттун мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы жана эл аралык укук кафедрасынын башчысы.

Кыргыз улуттук университетине 1983-жылы даярдоо курсуна кирип, ошол учурдан тартып, аспирант, жөнөкөй мугалим, ага окутуучу, кандидаттык даражага 1998-жылы , ал эми докторлук даражага 2017-жылы жетишкен.

Жалпы   эмгек стажы – 1971-жылдан баштап азыркы күнгө чейин – 54 жылга барууда.

Б.Т.Токтобаевдин демилгеси менен кафедрада “Мамлекеттик жана эл аралык –укуктук шмердүүлук” эки профили ачылган, ал эми 2021–жылы юридикалык институт боюнча докторантура PHD “Эл аралык укук” профилинин ачылуусуна салым кошкон.

Илимий жагынан жогорку жогорку деңгээлге  жетишкен.

Б.Т.Токтобаевдин  илимий эмгектери  Россия Федерациясында, Казахстанда, Украинада, Кытайда жана Турция мамлекеттеринде жарык көргөн, анын ичинде :  4 монография, 2 окуу китеби, 100 дөн ашуун макалалар чыккан.

Анын илимий жетекчилигинин алдында 2 юридикалык илиминин доктору, 7 юридикалык илимий кандидаттары, 1 PHD даярдалган.

Б.Т.Токтобаев – 2021-жылкы кабыл алынган жаны Конституциянын долбоорунун Конституциялык кеңешмеге мүчө болуп, анда “ Мамлекеттик бийлик “ аттуу секцияны башкарган. Андан кийин ошол эле Конституцияга жумушчу группада КР нын Конституциясынын комментарийин авторлорунун бири болуп саналат.

“Укук мектебинин” максаты – жаштарды илимге умтулууну үгүттөөнү, аспирант, докторанттарды даярдоого, тегерек столдорду, семинарларды өткөрүүнү көздөйт. “Мамлекет менен укуктун теориясы жана тарыхы жана эл аралык укук” кафедрасынын жамааты демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирүү менен профессор Болот Токтомышевич Токтобаевди кабинетинин ачылышы  чын жүрөктөн  куттуктайт!

Добавить комментарий