2025-жылы 24-февралында башкы имараттагы чоң жыйындар залында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматынын өкүлдөрү Улуттук университеттин студенттери менен жолугушуп, жол-унаа кырсыктарынын келип чыгуу себептери, жол кыймылынын эрежелерин одоно түрдө бузуу фактылары, о.э. жол эрежелерин так сактоо маданиятын калыптандыруу боюнча айтып беришти.
Аталган жолугушууга ИИМ ЖКККББ штабынын башчысы, милициянын подполковниги Бахрам Сайтходжаев, Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Раимбек Тешебаев, ИИМ ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Тынычбек Саидов жана Бишкек ШИИББ боюнча МККБнын бөлүм башчылары жана Бишкек шаарнынын төрт районунун рота командирлери келип катышышты.
Милициянын ардагери Калысбек Темиров сөз баштап, жолдо жүрүүдө үйдө, коомдук жайларда коопсуздук эрежелерин сактоодо дайыма эрежелерди туура, так түшүнүү жана жатка билүү керек. Өтө ылдам келе жаткан автомобилди көз ирмемде токтотушка мүмкүн эмес , анын үстүнө тоскоолдук капыстан пайда болсо, автомобилди токтотуу андан бетер кыйын. Ошондуктан көчөдөгү тартип жана коопсуздук үчүн баарыбыз жооп беребиз. Ошондой болсо да айдоочунун жоопкерчилиги өзгөчө чоң. Ал өз машинасынын ишенимдүү жүрүшүнө, өз жүргүнчүлөрүнүн аман-эсендигине, алардын өмүрүнө, ошондой эле жөө өтүүчү адамдар үчүн да жооп берет. Ошол себептен силер негизги эрежени жатка билгидей болгула: төшөмө (чоң) жол-автомобилдерге, тротуар-жөө жүрүүчүлөргө арналат. Силер тротуардын оң тарабы менен жүрүшүңөр керек ошону менен бирге адегенде автомобилди өткөрүп анан өзүң өт! Жөө кишилер өтүүчү жолчо же жер астындагы өткөөл аркылуу гана өт!, – деди ал өз сөзүндө.
Андан кийин, жолугушууга келген өкүлдөр жол кыймылынын эрежелерин сактоо, жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында презентация кылышты. Студенттер активдүү катышып, кызыктуу суроо узатышып, жооп алышты.
Иш-чаранын соңунда сөз сүйлөгөн илимий иштер боюнча проректор Мирлан Дылдаев келген конокторго ыраазычылык билдирип, студенттерди жол эрежелерин бузбоого чакырды.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана спорт боюнча бөлүмдүн башчысы






