Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолу жөнүндө атайын жарлыгын ишке ашыруу максатында 2025-жылдын 22-май күнү кесиптик колледжде “Улуттук наркты жана дөөлөттү сактоо” дарсканасы ачылды.
Улуттук университеттин 100 жылдык мааракесине карата 100 кабинет даярдоо долбоорунун алкагында алкагында төртүнчү болуп ачылып жаткан кабинет кесиптик колледждин студенттери тарабынан жасалган улуттук буюмдар жана кыргыз элиинин улуттук кийимдеринен тартып, улуттун жүзү болгон тарыхый инсандардын сүрөттөру менен шөкөттөлгөн.
Дарскананы илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек ачып, кесиптик колледждин жалпы эмгек жамаатын, о.э. демөөрчү болуп берген Султаналиева Майрам Асановнага терең ыраазычылык билдирди.
Окуу жайдын директору Каныбек уулу Ардакбек аталган кабинет демөөрчүлөр тарабынан жасалгаланып, студенттер үчүн көрсөтмө курал катары пайдаланыла тургандыгын айтып берди.
(С) А.Э.Каныбекова – өндүрүштүк практика жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары








