2025-жылдын 27-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов жана окуу жайдын мурдагы жетекчилери менен жолугушту. Жыйынга Кыргыз улуттук университетинин 1998-2000-жылдардагы ректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги Алтай Бөрүбаев, 2005 – 2006-жылдардагы ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болджурова, 2009 – 2010-жылдардагы ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Досбол Нур уулу, 2010 – 2011-жылдардагы ректору, тарых илимдеринин доктору, саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Аалыбек Акунов, 2015 – 2017-жылдардагы ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Чынара Адамкулова жана 2017 – 2022-жылдардагы ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент Канат Садыков катышты.

Догдурбек Чонтоев жолугушууга келген кесиптештерине терең ыраазычылык билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду:

25-октябрда Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесин белгилейли деп даярданып атабыз. Жолугушуунун негизги максаты – баарыңыздар Улуттук университетте иштеп кеткенсиздер. Ошондуктан, сиздер менен кеңеш куруп, 100 жылдыкка карата ой-пикириңиздерди угайлы деп чакырганбыз.

Ушул жылдын 25-апрелинде Министрлер кабинетинин 2025-жылы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүчү иш-чаралар тууралуу токтому чыкты. Ал документте ар кандай 33 иш-чара бар экен, анын ичинде Улуттук университеттин 100 жылдыгы 18-болуп турат. Ошол токтомдун негизинде биз өзүбүзчө план түздүк. Сиздерде аталган план боюнча сунуштар болсо, айтсаңыздар – кабыл алганга даярбыз.

100 жылдыктын алкагында жакшы эле иштер болуп атат. Мисалы, өткөн жумада Улуттук университет дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине кирди. Бул иш тарыхта биринчи жолу болуп атат. Былтыры Азиялык жа Борбор Азиялык рейтингдерге кирген элек.

Андан ары, 2011-жылдан бери иштебей турган 4-жатакананы 3 комиссия текшерип, “авариялык абалда, бузгула” деген чечим чыгарган. Азыр бузуп бүттүк. Анын ордуна жалпы аянты 16 миң квадрат метр болгон 16 кабат имарат салынат. Каржы булактары аныкталган. Буйруса, 1,5 жылдын ичинде мебели менен кошо, “под ключ” бүтүрүп беребиз дешти. Техтапшырмага университеттин бүгүнкү күнгө болгон бардык муктаждыктарын киргиздик. Имараттын 1-кабатында университеттин көргөзмө комплекси, музейлери, 2-кабатында 24 саат бою иштей турган китепкана, 3-кабатында конференц-залдар, 4-кабатында студенттер үчүн эс алуу зонасы (фитнес клубу жана медициналык тейлөөсү менен), 5-кабатында заманбап дарсканалар болот. Ал эми 6-кабаттан 16-кабатка чейин жатакана болот. Эгер бүгүнкү күндө иштеп аткан 4 жатаканабызда жалпысынан 1300 орун болсо, бул жерде эле 700 орун болот. Дүйнөлүк университеттердин рейтингине кирүүнүн жана эл аралык аккредитациядан өтүүнүн талаптары боюнча профессордук-окутуучулук курамдын 5 пайызы чет өлкөдөн болуш керек. Жатакананын 16-этажын ошол чет өлкөлүк профессорлорго берели деп жатабыз. Имараттын жертөлөсүндө унаа токтотуучу жай болот. Дагы бир жакшы нерсе – жатакана менен кошо анын артына 600 орундуу 2 кабат жыйындар залы курулмакчы. Анын чатырында физиктер үчүн обсерватория, журналисттерге медиа-центр болот.

Азыркы учурда Улуттук университетте жалпысынан 30 миң студент окуп, 3300 кызматкер иштеп жатат, анын ичинде 2223 окутуучу (2 академик, 4 мүчө-корреспондент, 180 илимдин доктору, 570 илимдин кандидаты, 1 Олимпиаданын чемпиону, 1 Кыргыз Эл баатыры). Бул багытта күзгө карата оптималдаштырууну ишке ашыралы деп жатабыз.

Улуттук университеттин потенциалы аябай чоң. Ошондуктан, бир кылым аралыгында университет Кыргызстандын экономикасы үчүн 192 миң дипломдуу адис даярдап чыгыптыр. Мындай көрсөткүчтү бир да жогорку окуу жайы берген эмес. Ушуларды жана урматтуу бул жерде отурган Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов агайдын сунушун эске алуу менен 100 жылдыкка карата Кыргыз улуттук университетин 1-даражадагы “Манас” орденине сунуштап, документтерин даярдап жатабыз. Сиздер да бул демилгени колдоп койсоңуздар.

Урматтуу Улуттук университеттин мурдагы жетекчилери, сиздерге дагы бир жолу рахмат, куш келипсиздер.

Конструктивдүү жана достук маанайда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, мурдагы ректорлор Алтай Бөрүбаев, Ишенгүл Болджурова, Досбол Нур уулу, Чынара Адамкулова, Аалыбек Акунов жана Канат Садыков азыркы ректор Догдурбек Чонтоевдин демилгелерин колдоорун билдирип, Улуттук университеттин 100 жылдык мааракеси боюнча өз ойлору менен сунуштарын айтышты.

Жыйында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө байланышкан дагы башка айрым маселелер талкууланды.

Иш-чарага о.э. биринчи проректор – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев, илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жана административдик-чарба иштер боюнча проректор Бакытбек Айтахунов катышты.

Добавить комментарий