Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институту Кыргыз-кытай институту менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларынын чет тилин билүү деңгээлин жогорулатуу” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин 02.07.2024-жылдын №980/1-буйругун ишке ашыруу максатында 2024-2025-окуу жылынын 2-жарым жылдыгындагы “Кесиптик англис тилин үйрөтүү” курсун ийгиликтүү аяктады. Бул курстардын өтүшүн университет өз каражаты менен камсыздап, окуу бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыралиев жетекчилик кылды.
Бул курстардын уюштурулушу жана өтүшү жөнүндө университеттин окуу бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыралиев жетектеген жумушчу топ эки ирет Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинде өткөрүлгөн жыйында маалымат берип келишти.
2025-жылдын 23-июнунда аталган курсту ийгиликтүү аяктаган катушуучуларга КУУнун илимий иштери боюнча проректору Камчыбек уулу Мырзабектин катышуусу менен сертификаттар тапшырылды.
Анда Чет тилдер инстиутунун англис тилин окутуучулары Мамаытова Асел Казыбековнага, Мукарапова Асел Камчыбековнага, Жумагулова Нурайым Султангазиевнага, Гамалина Кристина Сергеевнага, Тыныбаева Айжан Бактыгуловнага, Тагайбекова Айжаркын Тагайбековнага, Нарынбек кызы Мээримге, Акунова Гулнара Такеевналарга ыраазычылыктар айтылды.
Жалпысынан университет боюнча 250 мугалим “Кесиптик англис тилин үйрөтүү” курсун аякташты.
Кесиптик англис тилин үйрөтүү курстары жаңы окуу жылында улантылаары маалым болду.
(С) К.Уметов – Чет тилдер институнун директору






