2025-жылдын 25-июнь күнү 6-окуу имаратынын № 1-дарсканасында Баку университетинин профессору, ф.м.-и.д. Сади Байрамов математика жана информатика институтунда конок лекция окуду. Ал Soft топология 1999-жылдан бери карай гана өнүгүп келе жаткандыгын айтып, бул багытта математиктер үчүн чече турган көптөгөн маселелер жаралгандыгын билдирди.

Студенттер профессорду өтө чоң кызыгуу менен угушту. Лекциядан кийин студенттер магистратураны Баку университетинде окуу үчүн кандай шарттар бар экендиги жөнүндө суроолорду беришти. Сади мырза суроолорго жооп берип, математика жана информатика институтун кызматташууга, биргелешип иштөөгө чакырды. Ал о.э Баку университети дүйнөлүк алдыңкы окуу жайлардын тизмесинде тургандыгы жөнүндө да маалымат берди. 

АГТжЖМО кафедрасынын башчысы ф.-м.и.д., профессор Бекболот Канетов бул маселе Ж.Баласагын атындагы КУУ менен Баку университетинин институттары аркылуу иш жүзүндө ашырууга мүмкүн экендиги жөнүндө студенттерге түшүндүрүп кетти.

Сабактын жүрүшүндө жыйындын катышуучуларында көптөгөн суроолор болуп, кызыктуу дискуссия да болду.

Иш-чаранын соңунда бүгүнкү сабактын катышуучулары Сади Байрамовко, кызыктуу жана пайдалуу окуп берген лекциясы үчүн ыраазычылыктарын билдирип, профессор агайыбызга мындан аркы педагогикалык жана илимпоздук ишмердүүлүктөрүнө албан-албан ийгиликтерди каалады.

Белгилеп кетчү нерсе Scopus жана Web of Science базаларында индекстелген импакт факторлору жогору, квартилдери Q1, Q2, Q3 болгон 9 журналдын редакциялык коллегиясынын мүчөсү, профессор Сади Байрамов АГТжЖМО кафедрасынын мүчөлөрү менен коллаборация боюнча сүйлөштү.  

(С) Бактияр Рахманкулов – директордун орун басары, ф.-м.и.к., доцент

Добавить комментарий