Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы гуманитардык-табигый илимдер факультетинин орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө бир топ иш-чаралар өткөрүлдү.

“Акылың болсо башыңда, акчаң болот капчыкта” деп аталган тегерек столду экономика адистигинин окутуучулары уюштуруп, жыйынга бөлүмдүн бардык студенттери катышты.

Андан кийин бөлүмдүн студенттери Т.Сатылганов атындагы облустук китепканада өткөрүлгөн акын Мамадалы Рыспековдун поэзия кечесине катышып, жан дүйнө азыгын толтуруп кайтышты.

Окутуучулар Эшназарова Замира менен Закирова Акыйкат уюштурган “Улуу жеңиштен бир шилтем” аталышындагы сүрөт көргөзмөсүнүн катышуучулары диплом, акчалай сыйлык менен сыйланышты. Калыстар тобу СССРдин жана КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү, белгилүү сүрөтчү агай-эжекелер болду.

(С) Бурканидинова Хадижа – инженер-программист

Добавить комментарий