2024-жылдын 9-декабрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында Бишкек шаарынын прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурорлору Дамир Юсупов менен Гульзат Алымкулова КУУнун студенттерине “Коррупцияга каршы аракеттенүү жана жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо” деген темада лекция өтүштү.
Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан 9-декабрь – Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата уюштурулган иш чарада Дамир Юсупов коррупцияга аныктама берип, “Эгерде сиз же жакындарыңыз коррупцияга байланыштуу жардамга муктаж болсо, анонимдүү 112 ишеним телефонуна кайрылууга болот”, – деп сөзүн жыйынтыктады. Ал эми Гульзат Алымкулова коррупцияга каршы күрөштү бардык мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, о.э. мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жүзөгө ашырууга милдеттүү экенин белгиледи.
Студенттер сабакка активдүү катышып, спикерлерге байма-бай суроо беришип, кенен-кесир жоопторду алышты.
(С) Абдыбекова Айжан – жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысы








