2024-жылдын 15-январында 6-окуу имаратындагы 126-дарсканада КУУнун гранттык комиссиясынын отуруму болуп, абитуриенттерди кышкы кабыл алуунун 2-туру жыйынтыкталды. Жыйынга КУУнун биринчи проректору – окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев (онлайн), кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов, о.э. факультеттердин декандары, институттардын директорлору катышты.

Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усенов “Абитуриент Онлайн” системасы аркылуу факультет, институттардагы багыттарга (адистиктерге) катталган абитуриенттердин саны жана бөлүнгөн орундар тууралуу маалымат берди. Комиссия мүчөлөрү тарабынан ар бир факультет/институт тууралуу тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Изат Усеновдун айтымында 2-турда Улуттук университетти 47 абитуриент тандады.

Жыйындын жүрүшүндө абитуриенттерди кабыл алууга байланышкан башка маселелер да каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

2-турдун жыйынтыгы менен https://2020.edu.gov.kg сайтынан таанышууга болот.

Добавить комментарий