Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, илимпоз, эл агартуу ишине чоң салым кошкон педагог Сатылган Жорупбеков 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Сатылган Жорупбеков (кээ бир документтерде Джорупбеков деп да жазылган) 1940-жылдын 12-апрелинде Чүй облусунун Панфилов районундагы Киров айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин “математика” адистиги боюнча аяктаган.
Анын бүткүл кесиптик өмүрү Кыргызстандагы билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагын өнүктүрүүгө арналган. 50 жылдан ашык педагогдук эмгек стажы менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин программалык инженерия жана инновациялык технологиялар кафедрасында доценти болуп иштеген.
Сатылган Жорупбеков Кыргызстанда информатика сабагын окутуунун башатында туруп, кыргыз тилинде информатика жана эсептөө техникасы боюнча окуу китептерин жазган алгачкы авторлордун бири болгон. Бул улуттук билим берүү жана илим тармагына кошкон чоң салымы катары таанылат.
Анын илимий ишмердүүлүгү теориялык жана колдонмо информатика, математикалык логика, алгоритмдерди түзүү жана программалоо ыкмаларын камтыган. Ал 30дан ашуун илимий макаланын, 5 окуу куралынын жана 2 окуу-методикалык колдонмонун автору болгон, алардын ар бири өлкөбүздө IT-билим берүүнүн өнүгүшүнө таасир тийгизген.
Узакка созулган үзүрлүү эмгеги үчүн ал “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги”, “Ж.Баласагын атындагы КУУнун билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери” деген ардак наамдарга ээ болгон жана Кыргыз улуттук университетинин ардагерлеринин бири катары белгиленген.
Сатылган Жорупбеков агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгы – бул өлкөбүздүн билим берүү жана илим жамааты үчүн орду толгус чоң жоготуу. Анын ишине берилгендиги, илимге жана студенттерине болгон сүйүүсү, ар дайым кесиптештеринин, окуучуларынын жана аны менен иштешип, билим алган адамдардын жүрөгүндө жашай берет. Агайдын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун жамааты

