2025 – жылдын 27-майында Билим берүү жана илим министрлиги жана GIZ эл аралык уюмунун колдоосу менен түштүк аймактагы университеттер үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Илим жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Ph.D Урмат Тыналиев “Скопус журналдардагы публикациялар менен QS рейтингдеги позициялардын байланыштары” аттуу темада семинар өткөрдү.
Семинарга Ош мамлекеттик университети, Инновациялык Ош мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Баткен мамлекеттик университети, Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети, Борбор Азия эл аралык медициналык университети, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Азиялык элдердин достугу университети, М.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, А.Мырсабеков атындагы Ош Эл аралык медициналык университет жана Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунун 30дан ашык өкүлдөрү катышты.
(С) Абдыраимова Нуриза – илим бөлүмүнүн башкы адиси

