Окуу жайдын толук аталышы: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети
Окуу жайдын кыскача аталышы: Ж.Баласагын атындагы КУУ, КУУ
Окуу жайдын ачылган датасы: 1925-жылдын октябрь айы
КУУ тууралуу (05.02.2024 жаңыланды)
КУУнун уставы
КУУнун жалпы мүнөздөмөсү
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасындагы жетектөөчү жогорку окуу жайы, автономиялык билим берүүчү илимий структура болуп саналат.
Университеттин окуу процессине 1576 штаттагы педагог тартылган, алардын ичинен 541 – илимдин кандидаты жана 117 – илимдин доктору.
КУУда окугандардын саны – 23 333 адам, 2 162 – бюджеттик бөлүмдүн студенттери, 21 171 – бюджеттен тышкаркы бөлүмдүн студенттери, 2 723 – орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окугандар жана 191 – жалпы орто билим берүү программасы боюнча окугандар.
КУУ өз билим берүү ишмердүүлүгүн төмөнкү багыттар менен адистиктер боюнча жүргүзөт:
- 65 багыт боюнча бакалаврларды даярдоону;
- 5 адистик боюнча адистерди даярдоону;
- 2,5 жыл, 3,5 жыл окутуу мөөнөтү менен тездетилген программа боюнча адистерди кайра даярдоону;
- 35 багыт боюнча магистрлерди даярдоону;
- орто кесиптик билим берүүнүн 22 адистиги боюнча адистерди даярдоону;
- илимдин 16 тармагы боюнча аспиранттарды даярдоону;
- илимдин 6 тармагы боюнча докторлорду даярдоону.
Бул программаларды төмөндөгүлөр ишке ашырат:
- 21 факультет;
- 5 колледж;
- 2 лицей;
- аспирантура;
- докторантура.
Негизги билим берүү программаларынан тышкары КУУнун окуу процессине кошумча билим берүү программалар, ошондой эле кыскартылган, тездетилген жогорку билим берүү программалар жайылтылган.
Университетти башкаруу системасы жогорку билим берүү мекемелерин башкаруунун заманбап моделдерине ыңгайлаштырылган. Ал мурунку учурдагы оң тажрыйбаны жана чет өлкөлүк(европалык) университеттердин башкаруу тажрыйбасынан алынган инновацияларды айкалыштырган.
Башкаруу түзүмүнүн негизине функционалдуулук принциби салынган. КУУнун жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башкаруу структурасын шарттаган башкы критерий болуп алардын ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларынын мазмунуна, милдеттерине ылайык келүүсү саналат. Университеттин ар бир түзүмдүк бөлүгү жана ар бир кызматкер тиешелүү уставдык жана иш документтеринде белгиленген өз кызматтык жана функционалдык милдеттерин так билишет.
КУУ Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорундагы билим берүү системасын модернизациялоо, окуу процессин окуу-методикалык жактан камсыздоону өркүндөтүү боюнча иштерге катышат. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргелешип мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууну жүргүзөт. Андан тышкары КУУнун адистери жогорку сапаттагы окуу китептери менен окуулуктарды түзүүгө активдүү катышат.
КУУнун факультеттери:
- математика, информатика жана кибернетика факультети;
- физика жана электроника факультети;
- химия жана химиялык технологиялар факультети;
- биология факультети;
- география, экология жана туризм факультети;
- тарых жана чөлкөм таануу факультети;
- кыргыз филологиясы факультети;
- орус жана славян филологиясы факультети;
- чет тилдер факультети;
- журналистика факультети;
- философия илимдери жана социалдык-педагогикалык технологиялар факультети;
- кыргыз-европа факультети;
- эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультети;
- кыргыз-кытай факультети;
- педагигикалык факультет;
- кадрларды кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу жана кесипке чейинки билим берүү факультети;
- маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети;
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети;
- экономикалык факультет;
- юридикалык факультет;
- башкаруу жана бизнес факультети.
КУУнун колледждери:
- юридикалык колледж;
- экономикалык колледж;
- маалыматтык технологиялар колледжи;
- кыргыз-кытай факультетинин колледжи;
- педагогикалык колледж.
КУУнун лицейлери:
- гуманитардык лицей;
- маалыматтык-экономикалык лицей.
* * *
Которгон: Айгүл Казакбаева – мамлекеттик тил бөлүмүнүн кызматкери
Материал 9.03.2016 жаңыланды
КУУнун тарыхы
Азыркы учурдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алгачкы негизи катарында 1932-жылы түзүлгөн Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтту эсептесе болот. Анын башаты 20-чы жылдарда республика үчүн окутуучулук кадрлар маселесин чечүү максатында түзүлгөн адистештирилген окуу жайлардан башталат.
1925-жылдын 30-мартында болуп өткөн Кара-Кыргыз автономиялык областынын Кеңешинин уюштуруу съездинде Кара-Кыргыз агартуу институтун ачуу тууралуу маселе каралган. Даярдоо ишин жүргүзгөндөн кийин, 1925-жылдын октябрь айында Пишпек шаарында Кыргыз агартуу институту (КАИ) ачылган.
1927-жылы Кыргыз агартуу институту Борбордук педагогикалык техникум(БПТ) болуп кайра түзүлгөн.
Борбордук педтехникумга Агартуу институту түзүлгөн 1925-жылдан бери жетекчи болуп иштеп келе жаткан Пётр Кузьмич Юдахин (атактуу тилчи Константин Кузьмич Юдахиндин агасы) директор болуп дайындалат. Узакка созулган оорудан соң 1928-жылы П.К.Юдахин кайтыш болот да, ошол учурда агартуу майданында аты чыгып калган, Жалал-Абадда, Ошто агартуу мекемелерин ачып, соңку жылдары П.К.Юдахин менен бирге Борбордук педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган Базаркул Данияров окуу жайдын директорлугуна дайындалат. Базаркул Данияров республикалык маанидеги бул окуу жайды 1928 – 1930-жылдары башкарган.
Өткөн кылымдын 20-жылдарында автономиялык областын бийлик түзүмдөрүндө жана борбордук партиялык уюмдарда Кыргыз АССРинде пединститутту ачуу тууралуу маселе көп учурларда көтөрүлүп, кызуу талкууланган. Натыйжада 1932-жылдын 13-январында Кыргыз АССРинин эл комиссарлар Кеңеши 1932-1933-окуу жылында Пишпек шаарында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (КМПИ) ачуу тууралуу токтом кабыл алган. Токтомго ылайык КМПИ 4 факультеттен турууга тийиш болгон, алар: педолого-педагогикалык, физака-математикалык, коомдук-экономикалык жана адабий-лингвистикалык.
Биринчи курска 150 студентти жана даярдоо курсуна 60 адамды кабыл алуу пландалган. Бирок пединститутту ачканда институттун курамына жана студенттердин санына кээ бир өзгөртүүлөр киргизилген. Ошентип, студенттердин 150 деп мерчемделген саны 120га кыскартылган, ар бир факультетке 30 орундан бөлүнүп берилген. Педолого-педагогикалык факультеттин ордуна биология факультети түзүлгөн. 1934-жылы коомдук-экономикалык факультет тарых факультети болуп өзгөртүлгөн.
КМПИде алгачкы окуу жылы объективдүү себептер менен 1-сентябрда эмес, 3-октябрда башталган, ал эми институттун расмий ачылышына арналган салтанат 5-октябрда өткөрүлгөн.
Пединститут алгач ачылганда илимий-педагогикалык ишмердүүлүк менен болгону 5 кафедра алектенген, алар: социалдык-экономикалык дисциплиналар кафедрасы, математика, педагогика, биология жана лито (адабият жана тил) кафедралар. Белгилүү болгондой лито кафедрасында бир катар жылдар бою профессор Касым Тыныстанов, доцент Токчоро Жолдошев, Сатыбалды Нааматов, агартуучу педагог, ага окутуучу Базаркул Данияровго окшогон республиканын белгилүү инсандари, ошондой эле өз учурунда бул факультетте тил илиминин теоретиги, полиглот, ориенталист жана биринчилерден болуп “Манас” эпосун орус тилине которгон Е.Д. Поливанов иштеген.
Алгач пединституттун окутуучулук курамы Москва(5), Ленинград(Санкт-Петербург 4 адам), Кмев (1 адам), Ташкент (САГУ 2 адам), Алматы (Казакстан пединституту 1 адам) ж.б. шаарларындагы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнөн турганын бегилеп кетүү зарыл.
Жергиликтүү кадрлар кийинчерээк, 30-жылдардын аягында 40-жылдардын башында пединститутунун бүтүрүүчүлөрүнүн эсебинен пайда болгон. Ошол кездеги бүтүрүүчүлөрдүн ичине академиктер: Б. Жамгырчинов, С. Ильясов; КРдин Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттери: А.Хасанов, К. Шатемиров; Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалимдери: А. Жолдошева, У. Ботбаева ж.б. бар эле. Алгач 1938-жылы булар менен бирге 46 адам пединститутту аяктап, дипломдуу адис болгонун баса белгилеп кетүү зарыл.
30-40-жылдары Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучулук курамы үчүн кыйын сыноо, Улуу Ата Мекендик согуштагы орду толгус жоготуулардын жылдары болгон, ошол эле учурда ошол каардуу жылдар илимий-педагогикалык тажрыйбанын жаралышынын, түптөлүшүнүн жана топтолушунун доору болгон. Дал ошол кыйын кезде педагогикалык институттун ошол учурдун талабына жооп берген материалдык-техникалык базасы бекемделе баштаган, студенттерди окутуу боюнча окуу процесси турукташып, туура багытта өнүгө баштаган, илимий изилдөө иштери жанданган, башка республикалардын борбордук жогорку окуу жайлары менен болгон өз ара байланыш жана кызматташуу тереңдеген. Ал эми эң негизгиси окутуучулук курам тарабынан аларга жүктөлгөн милдеттемелер ийгиликтүү жүзө ашырылган, интеллектуалдык потенциалды өнүктүрүүгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык, маданий өнүгүүсүнө ошондой эле биздин республикабыздын калкына илим менен билимди кеңири таратууга баа жеткис салым кошулган.
Ушул жана дагы башка көптөгөн жетишкендиктер, ошондой эле педагогикалык жамаат тарабынан аткарылуучу ишке чыгармачылык мамиле жасоосу окуу жайды таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүп, пединституттун беделин бара-бара жогорулаткан жана анын университет деңгээлине өсүшүнө өбөлгө түзгөн.
Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки мезгилде пайда болгон эл чарбачылыгындагы жаңы тармактар, техникалык прогресстин ылдам темпи, илим менен өндүрүштүн тыгыз байланышы өзгөчө универсалдуу билим берүүгө өтүүнү талап кылган. СССРдин Министрлер Кеңеши 1951-жылдын 24-майында Кыргыз педагогикалык институттун базасында Кыргыз мамлекеттик университетти(КМУ) түзүү тууралуу токтомун кабыл алган. Ушул эле жылдын 31-августунда өлкөнүн ЖОЖдорунун арасында пионери – республикадагы алгачкы университеттин салтанаттуу ачылышы болгон. Албетте, өз убагында бул окуя Кыргызстандын маданий турмушундагы ири окуя болгон.
Университеттин ачылышы өлкөдөгү жогорку билим берүүдөгү окутууну жаңы деңгээлге көтөрдү, эл чарбачылыгынын тармактарын, мектептерди, орто-кесиптик жана жогорку окуу жайларды, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органдарын камсыз кылуу үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого кеңири жол ачты.
КМУнун кээ бир факультеттеринин негизинде өз убагында республикада бир катар жогорку окуу жайлар ачылган. Милга, 1954-жылы техникалык факультеттин базасында өз алдынча жогорку окуу жайы – Фрунзе политехникалык институту түзүлгөн. 1955-жылы университеттин дене тарбия факультетинин базасында Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институту түзүлгөн.
Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгону, рынок экономикасына өткөнү, дүйнөлүк цивилизацияга кириши университеттин окутуучулук-профессордук курамынын алдына татаал маселелерди койду. Албетте, ошол татаал кырдаалдан жол табуу, жаңыча иштөөгө көнүү, артыкчылыктарды туура аныктоо, жетишкен жыйынтыктарга токтолбой, катуу атаандаштык шарттарында ишенимдүү алдыга жылуу кыйын болгон. Университеттин жетекчилигинин терең ойлонулган чечимдери гана, ошондой эле окутуучулук-профессордук курамдын ишке болгон ийкемдүү жана чыгармачыл мамилеси университетке ийгилик алып келди.
Тез өзгөрүлмө дүйнөдө университеттин заманбап талаптарга жооп берүүчү ийгиликтүү ишмердүүлүгүн, анын демократиялык кара түзүлүүдөгү позитивдүү ролун, өлкөнүн коомдук-саясий турмушундагы татыктуу ордун эске алып, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жарлыгы менен университет “улуттук” макамына жетишкен.
Ошол эле жарлыкта: “түзүлүп калган билим берүү системасын өркүндөтүү жана аны дүйнөлүк стандарттын деңгээлине жеткирүү максатында Кыргыз мамлекеттик университетинин статусу Кыргыз мамлекеттик улуттук университет катарында аныкталсын” – деп жазылган.
Дүйнөнүн көптөгөн өнүккөн өлкөлөрүндө “улуттук” статусу “мамлекеттик” деген салттуу мааниге ээ экендигин эске алып, КР президентинин жаңы жарлыгы менен 2002-жылдын май айында ата мекендик жогорку окуу жайлардын флагманы КМУУ Кыргыз улуттук университети болуп калды.
Акыркы жылдары жүргүзүлгөн системалык реформалардын натыйжасында КУУ заманбап көп профилдүү, илимий-билим берүүчү, маданий-агартуучу, эл аралык кызматташууда жетишерлик бай тажрыйбасы бар окуу жайына айланды.
Университетте азыркы кездеги эркин рынок жана адилет атаандаштык шарттарында ийкемдүү, ийгиликтүү ишмердүүлүктүн экономикалык модели иштелип чыгып, сапаттуу ишке ашырылып жатат. Азыркы кезде Кыргыз улуттук университети, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын арасындагы лидерлердин бири катарында жаштар арасында чоң абройго ээ болуп, республикада гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө да белгилүү болду.
Эл аралык долбоорлордун чегинде (МНТЦ, INTAS, IREKS, TEMPUS ж.б.) 50дөн ашуун ири чет өлкөлүк университеттер, борборлор менен илимий кызматташууну караштырган Европа, АКШ, Канаданын эл аралык долбоорлор жана программалар менен макулдашууларды ишке ашырат. Кыргыз улуттук университеттин интеграциясы дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнүн алдынкы университеттеринин (Евразиялык, Lingua-UNI ж.б.) ассоциациясына активдештирилген.
Улуттук университет КМШнын тармактык университетин, Евразиялык университеттер ассоциациясын жана Шанхай кызматташтык уюмунун университетин түзүү боюнча консорциумдун мүчөсү болуп саналат. КУУнун магистранттары жогоруда аталган долбоорлордун чегинде чет өлкөлөрдө окууга мүмкүндүк ала алышат.
КУУда Университетти жакынкы жылдарда жана келечекте ар тараптуу, туруктуу жана динамикалык түрдө өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип чыгып, аракетте.
Көз карандысыз Кыргызстандын көптөгөн белгилүү инсандары: мамлекеттик жетекчилер, көрүнүктүү коомдук-саясий ишмерлер, илим жана маданият ишмерлери – КУУнун ар кайсы жылдардагы бүтүрүүчүлөрү жана өз эмгек жолун биздин университетте баштаган. Булар, мисалга, белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер: Т.У. Усубалиев, К.Н. Кулматов, К.М. Молдобаев; КРдин экс-президенти Р.И. Отунбаева, КУУнун доценти,70-80-жылдары Университетте кафедра башчы болуп эмгектенген; минстрлер: К.Ж. Садыков, Т.А. Сариева, А. Шадиев, А. Шыкмаматов; КРдин генералщдык прокурору А. Салянова, Жогорку соттун төрагасы В. Жамашева, ЖК депутаттары: К. Абдиев, М.Ю. Абдылдаев, Т. Бакир уулу, А. Батырбекова, Р. Жээнбеков, К. Иманалиев, А. Калматов, К. Осмонов, К. Осмоналиев, О.Ч. Текебаев, Ч.Турсунбеков, Р.Тологонов, Э.Эрматов ж.б. КРдин УИАсынын академиктери, ири окумуштуулар: Жамгырчинов Б., Оторбаев К., Иманалиев М., Юнусалиев Б., Карасаев К., Табышалиев С., Токтомышев С., Эркебаев А., Жоробекова Ш., Жайнаков А., Какеев А.Ч., Плоских М.В., Орузбаева Б., Борубаев А., Акматалиев А. ж.б.
Улуттук университет мындай бүтүрүүчүлөрү менен сыймыктанат. Өз учурунда алар да Кыргыз улуттук университеттин бүтүрүүчүлөрү экендигине сыймыктанары шексиз.
М.В. Фрунзе атындагы КМПИнин директорлору:
№ | Аты-жөнү | Жетектеген жылдар | Эскертүүлө |
1. | Юдахнн П.К. | 1928-1932 | Кирпедтехникумдун директору |
2. | Мактыбеков А. | 1932-1933 | |
3. | Мелентьев В. | 1934 | |
4. | Баишев А. | 1935 | |
5. | Джабинов Б. | 1936 | |
6. | Мансуров А. | 1937 | |
7. | Тынаев Ж. | 1937 | |
8. | Корнфельд | 1937 | |
9. | Кокумов И. | 1938 | |
10. | Гавырин Г.П. | 1938 – 1941 | |
11. | Арбаев С.А. | 1941 – 1943 | |
12. | Яушев М. | 1943 – 1945 | |
13. | Липович В.В. | 1945 – 1951 |
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыскача тарыхы
- 1925-жылдын 30-мартында болуп өткөн Кара-Кыргыз автономиялык областынын Кеңешинин уюштуруу съездинде Кара-Кыргыз агартуу институтун ачуу тууралуу маселе каралган. Даярдоо ишин жүргүзгөндөн кийин, 1925-жылдын октябрь айында Пишпек шаарында Кыргыз агартуу институту (КАИ, Киринпрос) ачылган.
- 1927-жылы Кыргыз агартуу институту Борбордук педагогикалык техникум (БПТ) болуп кайра түзүлгөн.
- 1932-жылдын 13-январында Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар Кеңеши 1932-1933-окуу жылында Пишпек шаарында Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (КМПИ) ачуу тууралуу токтом кабыл алган. Токтомго ылайык КМПИ 4 факультеттен турууга тийиш болгон. Алар: педолого-педагогикалык, физака-математикалык, коомдук-экономикалык жана адабий-лингвистикалык.
- СССР Министрлер Кеңеши 1951-жылдын 24-майында Кыргыз педагогикалык институтунун базасында Кыргыз мамлекеттик университетин (КМУ) түзүү тууралуу токтомун кабыл алган.
- 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын жарлыгы менен университет “улуттук” макамына ээ болгон.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жаңы жарлыгы менен 2002-жылдын май айында ата мекендик жогорку окуу жайлардын флагманы КМУУ «Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети» делип аталды.
Кыскача тарыхты жазып берген: Садык Алахан – КУУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору (13.11.2023)
КУУнун структурасы
Институттар менен факультеттердин структурасы (01.09.2023 карата)
КУУнун желеги
КУУнун герби
КУУнун гимни
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Гимни
Сөзү: Жалил Садыковдуку
Музыкасы: Сардарбек Жумалиевдики
1-куплет:
Келгиле деп сен эшигиң ачканы,
Билим алды миңдеп кыргыз жаштары.
Окуу жайдын ордосу деп биринчи,
Ойлорунда жүрөт дайым сакталуу.
Кайырма:
Улуттук университет,
Билимдин сенсин булагы
Улуттук университет,
Жаштыктын жанган чырагы.
Улуттук университет,
Таалайдын өчпөс күнүсүң
Улуттук университет,
Өмүрдүн соолбос гүлүсүң.
2-куплет:
Сен түшүнтүп илим-билим сырларын,
Ким унутсун студенттик жылдарын,
Анда достор тууну бийик көтөрүп,
Ата журттун арттыралы жыргалын.
Кайырма:
КУУнун мурдагы ректорлору
Окумуштуулар кеңеши (10.02.2024 жаңыланды)
ОК жөнүндө жобо
ОК курамы
Окумуштуу катчы
Керимканова Жаңыл Жусуповна
юридика илимдеринин кандидаты, доцент
Ж.Ж.Керимканованы которуу жөнүндө ректордун буйругу
Ж.Ж.Керимканованы жумушка кабыл алуу жөнүндө ректордун буйругу
ОК отурумдары
ОК иш мерчеми
Ректорат
Ректор (16.09.2024 тартып)
Чонтоев Догдурбек Токтосартович
доктор географических наук, профессор
Адрес: 720033, г. Бишкек, ул. Фрунзе – 547, гл. корпус, каб. 224
Телефоны: (0312) 32-33-94, (0312) 32-32-21 факс
Д.Т.Чонтоев жөнүндө КР Президентинин тескемеси
Д.Т.Чонтоевдин резюмеси
Окуу иштери боюнча проректор (12.12.2023 тартып)
Бексултанов Жеңиш Тункатарович
физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент
Ж.Т.Бексултановдун резюмеси
Ж.Т.Бексултановдун тууралуу ректордун буйругу
Илимий иштер боюнча проректор
Ишекеев Назаркул
УИАнын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор
Үй дареги: Бишкек шаары, С.Каралаев көч., 40/6, кв.49
Уюл. тел.: (0550) 52 87 43
Н.Ишекеевдин резюмеси
Өзү жөнүндө маалымат
Туулган жылы: 18.02.1955
Улуту: Кыргыз
Жарандыгы: Кыргыз Республикасы
Билими, наамдары
Жогорку. 1971-1976-жж. КМУнун студенти
Факультет: Филология. Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү
Кесиби: Филолог. Окутуучу
Адистиги: Кыргыз тили жана адабияты
- 1979-1982: күндүзгү бөлүмдүн аспиранты
- 1984: педагогика илимдеринин кандидаты
- 1993: доцент
- 1994: педагогика илимдеринин доктору
- 1996: профессор
- 1997: Ч.Айтматов атындагы эл аралык коомдук академиянын академиги
- 2017: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
- 2017: Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Ардактуу профессору
- 2021: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү.
Эмгек жолу
- 1976-1977: Мектептин мугалими жана Республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын кызматкери
- 1977-1994: Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу жана доценти
- 1995-2007: Улуттук университеттин кыргыз филология факультетинин деканы жана профессор. Ошол эле мезгилде айкалыштыруу менен кафедра башчысы (1998-2000)
- 2008-2011: Улуттук университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы
- 2011- жылдын сентябрынан Улуттук университеттин педагогикалык ишмердүүлүк жана мамлекеттик тил боюнча проректору
- 2013-жылдын июлунан КР Билим берүү жана илим министринин орун басары
- 2015-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин мамлекеттик тил боюнча проректору
- 2017-жылдын январынан КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы
- 2021-жылдын январынан Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору
- 2022-жылдын июнунан Ж.Баласагын атындагы КУУнун илимий иштер боюнча проректору.
Коомдук жана кошумча иштери
- 1996-2015: Докторлук (кандидаттык) диссертацияларды коргоо боюнча кеңештердин мүчөсү жана төраганын орун басары (Кыргызстан жана Казакстанда -2010-ж. ч/н)
- 1998-ж. тартып азыркы убакка чейин “Эл Агартуу” журналынын редакциялык тобунун мүчөсү
- 2005-ж. тартып азыркы убакка чейин “Эл агартуу, “Мектеп-Школа” журналдарынын редакциялык тобунун мүчөсү
- 2007-2011: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук коммиссиянын мүчөсү
- 2008-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Билим берүү жана илим министрлигиндеги Республикалык илимий-методикалык советтин кыргыз тили жана адабияты секциясынын башчысы
- 2008-2011: КР Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КР Президентинин Указы менен Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясын көзөмөлдөөчү кеңештин мүчөсү
- 2013-2014: КР Президентинин №155 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү
- 2014-жылдан “Баластан” балдар журналынын редакциялык тобунун мүчөсү
- 2015-жылдан тартып Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү
- 2015-жылдын декабрынан 2020-жылдын декабрына чейин КР Жогорку Кенешинин сессиясынын чечими аркылуу КР Президентинин Указы менен Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу корпорациясынын көзөмөлдөөчү кеңешинин мүчөсү
- 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык коммиссиянын ( ЖАК-ВАК) президиумунун мүчөсү
- 2016, 2021-жылдары КР Президентинин Жарлыгы менен эки ирет КР Конституциясынын жаңы долбооруна лингвистикалык экспертиза жасоо боюнча топтун мүчөсү.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышуусу
- Россия, Москва ш.
- Казакстан, Астана ш., Алматы ш.
- Өзбекстан, Ташкент ш.
- Азербайджан, Баку ш.
- Туркия, Стамбул ш.
- Кытай, Пекин ш.
Публикациялары
300 аталыштагы илимий эмгеги жарыяланган. Алардын ичинде монографиялар, ЖОЖдор үчүн окуу китептери жана окуу- методикалык куралдары бар. Кыргыз адабияты боюнча орто мектептин VI жана XI класстарынын ( өзбек мектептери үчүн да) окуу китептеринин авторлорунун бири.
Негизги илимий-методикалык эмгектери
- Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде эпикалык чыгармаларды окутуу боюнча методикалык колдонмо. – Фрунзе, 1987.
- Жалпы билим берүүчү кыргыз орто мектептеринде прозалык чыгармаларды окутуунун кээ бир маселелери. – Фрунзе, 1989.
- Мектептерде кыргыз адабиятын окутуунун тарыхынан. – Фрунзе, 1991.
- Кыргыз адабиятын мектептерде окутуунун тарыхы. – Бишкек, 1994.
- Мектептерде прозалык чыгармаларды окутуу. – Бишкек, 1997.
- Кыргыз адабиятынын окуу программаларынын мазмуну жана проблемалары. – Бишкек, 2010.
- Кыргыз адабиятынын окуу китептери: өткөнү, бүгүнкүсү жана келечеги. -Бишкек, 2011.
- Кыргыз адабияты: 6-класс үчүн окуу китеби. – Бишкек, 2000 (1-чыгарылышы), 2004 (2-чыгарылышы), 2007 (3-чыгарылышы). – А.Сманбаев менен авторлош.
- Кыргыз адабияты:11-класс үчүн окуу китеби. – Бишкек, 2000. (1-чыгарылышы), 2004-ж (2-чыгарылышы), 2007-ж (3-чыгарылышы). К.Асаналиев, К.Иманалиев, К.Артыкбаев, С.Байгазиев, А.Муратов менен авторлош.
- Адабият: Өзбек мектептеринин 11-классы үчүн. – Ташкент, 2005, (авторлош).
- Көркөм чыгармаларды окутуунун методикасы. – Бишкек, 2014.
- Чыгармаларды жанрдык өзгөчөлүгүнө ылайык окутуу. – Бишкек, 2015.
- ”Кыргыз адабият таануу илими жана сыны” деген китептин 2-томуна авторлош.
- 14.Орто мектептерге арналган кыргыз адабиятынын 10 томдук хрестоматия-окуу куралын түзүүчүлөрүнүн бири.
Илимий устаттыгы
Н.Ишекеевдин жетекчилиги менен 6 докторлук, 20 кандидаттык диссертация корголгон. 18 Ата Мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын кандидаттык, докторлук диссертацияларына биринчи расмий оппонент болгон.
Сыйлыктары
- 1993: КР Элге билим берүүсүнүн отличниги
- 1999: Ж.Баласагын атындагы сыйлыктын лауреаты
- 2005: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси
- 2011: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган
- 2013: Калык Акиевдин 130 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган
- 2017: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
- 2017: Мидин Алыбаевдин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган
- 2020: “Түгөлбай Ата” атындагы “Көк Асаба” диплому жана лауреаттык медалынын ээси
- 2019: КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер
- 2021: К.Карасаев атындагы медалынын ээси.
Үй-бүлөлүк абалы
Үй бүлөлүү, үч баласы бар.
Билген тилдери
Кыргыз, орус жана француз тили (сөздүк менен).
Компьютерди билүүсү
MS Word программасы, Internet менен иштейт.
Өздүк сапаттары
Жоопкерчиликтүү, адамгерчиликтүү, иштерман, акыйкатчыл, калыс жана башка сапаттарга ээ.
Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор
Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович)
филология илимдеринин доктору, профессор
Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги
Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович) Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Миялы кыштагында туулган. Айылдык мектептен, андан соң Кычан Жакыпов атындагы Кара-Суу мектеп-интернатынан окуган. Садык Алахан алгач азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин (ал кездеги СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин) филология факультетинен билим алат. Окууну эң жакшы бүткөн жаш жигитти университеттин жетекчилиги (ректор, академик К.О.Оторбаев) окуу жайдын өзүндө алып калышат.
Бир аз убакыттан соң Садык Алахан Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтунун адабияттаануу жана адабий көркөм сын боюнча бөлүмүн бүтүрөт. С.Алахан катардагы окутуучудан профессорго чейинки жолду басып өттү. 2008-жылдан доцент, 2013-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, 2017-жылдын январынан тартып аталган университеттин мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору болуп иштеп келүүдө. 2011-жылы “Кыргыз поэзиясындагы коллективдештирүү темасы өткөндөгү жана бүгүнкү күндүн көз карашынан (Аалы Токомбаевдин “Өз көзүм менен” поэмасынын мисалында)” деген темада кандидаттык диссертациясын, 2014-жылы “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Адабият айдыңына келген мезгилден бери Садык Алахан_адабий сын жана адабияттаануу багытында жазылган үч жүзгө жакын макалалардын, ЖОЖдор үчүн жазылган 2 (эки) окуу куралы менен 3 (үч) типтүү окуу программасынын жана төмөндөгүдөй_9 (тогуз) китептин_автору болду:
1. «Токомбаевдин ыры – Акаевдин сыры («Өз көзүм менен» поэмасы кыргыз айыл чарба реформасынын күзгүсү катары)» (1-басылышы – 1999, 2-басылышы – 2000);
2. «У.Абдукаимов жана «Майдан» талкуусу» (1-басылышы – 2000, 2-басылышы – 2009);
3. «Беш молдо (Молдо Нияз, Нурмолдо, Молдо_Кылыч, Алдаш Молдо, Молдо Багыш)» (2004);
4. «Унутулган адабият» (1-том, 2006);
5. «Адабият айдыңын аралап …» (2006);
6. “Чыңгыз Айтматовдун алгачкы аңгемелери” (2013);
7. “Унутулган жазгыч акындардын чыгармачылыгы (тематика, жанр, поэтика)” (2013);
8. “Азыркынын коңурбайлары” (2014);
9. “Адабият – аруу дүйнө” (2015);
10. “Айтматов тууралуу алты сөз” (2023).
Аталыштарынан эле байкалып тургандай, бул монографияларда улуттук адабиятыбыздын тээ байыркы мезгилинен тартып азыркы күнгө чейинки үлгүлөрү сөзгө алынып, ар тараптуу талдоолор жүргүзүлгөн. Окумуштуу-адабиятчынын айрым эмгектери Казакстанда, Орусияда, Иранда, Кытайда жарык көргөн.
Белгилүү адабиятчы-илимпоз, тажрыйбалуу педагог Садык Алахан азыр нукура баралына келип, дагы да мыкты эмгектердин үстүндө иштеп жаткан учуру.
Административдик жана чарба иштери боюнча проректор (14.10.2022 тартып)
Айтахунов Бакытбек Курманбекович
юридика илимдеринин кандидаты
Байл. тел.: (0312) 32-31-05 (жум.)
e-mail: b.aitahunov@mail.ru
Б.К.Айтахуновдун резюмеси
Сведения о себе:
- Год и место рождения: 17.02.1974, г.Нарын, Нарынская область
- Гражданство: гражданин Кыргызской Республики
- Национальность: кыргыз
- Семейное положение: женат, имею троих детей
Образование:
- 1991-1995: Учетно-коммерческий факультет Кыргызского государственного национального университета (специальность «Бухгалтерский учет, аудит и анализ хозяйственной деятельности», квалификация «Экономист»);
- 2000 – 2005: Заочное отделение Кыргызского национального университета им. Ж.Баласагына (специальность «Юриспруденция» (диплом с отличием).
- 2009 – 2012: Центр непрерывного образования и экспертизы КГЮА (форма обучения соискательство, направление юриспруденция).
Ученая степень:
- 2015: кандидат юридических наук
Профессиональный опыт:
- с 01.08.1995: заместитель начальника отдела маркетинга Кыргызского государственного национального университета.
- с 14.12.1995: начальник отдела маркетинга Кыргызского государственного национального университета.
- 1997 – 2000: заместитель главного бухгалтера КНУ им. Ж.Баласагына по контрактному отделению.
- 2000 – 2007: первый заместитель главного бухгалтера КНУ им. Ж.Баласагына.
- 2007 – 2008: заместитель начальника управления хозяйственного и технического обеспечения Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве КР (далее КГЮА).
- 2008 – 2011: заведующий отделом организации общего функционирования КГЮА.
- 2011 – 2015: проректор по административно-хозяйственной работе КГЮА.
- 2015 – 14.10.2022: проректор по финансово-экономической деятельности КГЮА.
Награды:
- Почетная грамота КНУ им. Ж.Баласагына (2001).
- Медаль «Укук» Кыргызской государственной юридической академии при Правительстве КР (2009).
- Почетная грамота Мэрии г. Бишкек (2010).
- Почетная грамота Министерства образования и науки Кыргызской Республики (2013).
- Юбилейная медаль «10 лет КГЮА» (2014).
- Нагрудный значок «Отличник образования Кыргызской Республики» (2014).
- Почетная грамота КГЮА (2016)
- Почетная грамота Правительства Кыргызской Республики (2017)
Знание языков:
- Кыргызский язык – родной;
- Русский язык – свободно;
- Английский язык – со словарем.
Навыки работы на компьютере:
- Microsoft Word, Microsoft Excel, Microsoft Power Point
Инвестициялар боюнча проректор
Сыдыкова Гүлбара Бектургановна
филология илимдеринин кандидаты
Г.Б.Сыдыкованын резюмеси
Факультеттер аралык кафедралар (10.02.2024 жаңыланды)
- Жалпы маалымат
- Башкармалыктын начальниги
- Окуу иштерин маалыматташтыруу жана координациялоо бөлүмү
- Лицензиялоо, аккредитациялоо жана көзөмөлдөө бөлүмү
- Магистратура бөлүмү
- Билим берүү документтерин даярдоо жана чыгаруу бөлүмү
- Студенттик кадрлар бөлүмү
- Практика жана жумушка орноштуруу сектору
- Диспетчердик кызмат
- Көктөмөлөрдүн номенклатурасы
- КУУда 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн программасы
- КУУнун 2015-2020-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жол картасы
- КУУдагы иш кагаздарынын үлгүлөрү жана орусча-кыргызча сөздүк
- КУУда мамлекеттик жана расмий тилде иш кагаздарын жүргүзүүнүн үлгүлөрү
- Жалпы сөздүк