Бүгүн, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин дүйнөлүк QS WUR рейтингине киргендигине байланыштуу пресс-конференция өткөрдү.

КУУ дүйнөлүк QS World University Rankings (QS WUR) рейтингине кирип, 1234-орунду ээледи. Бул рейтингге 106 мамлекеттен 24 миңге жакын жогорку окуу жайы талапкер болуп, алардын ичинен 8000и гана тандалып жарыяланган.

Пресс-конференция учурунда ректор КУУнун мындай ири жетишкендикке кыска убакытта, чоң каржылык чыгымдарсыз, негизинен абройлуу чет элдик ЖОЖдор менен кызматташуу, ачык-айкындуулук жана илимий публикациялар сыяктуу 10 негизги критерийдин эсебинен жеткенин белгиледи.

Бул окуя КУУнун эл аралык аренадагы кадыр-баркынын жогорулашынын далили болуп саналат.

Добавить комментарий