2025-жылдын 16-июнунда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин А.А.Асанова атындагы Менеджмент жана бизнес институтунда “Менеджмент” багыты боюнча бакалавриатты аяктаган бүтүрүүчүлөрдү салтанаттуу узатуу аземи болуп өттү. Бул иш-чара студенттердин, окутуучулардын жана устаттардын көп жылдык эмгегинин жыйынтыгы катары өткөрүлүп, сыймыктануу, жетишкендиктер жана студенттик жашоо менен коштошуу маанайында өттү.

Салтанаттуу аземди илимий иштер боюнча проректор Камчыбек уулу Мырзабек ачып, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү маанилүү эендигин белгиледи жана бүтүрүүчүлөрдүн Кыргызстандын келечегиндеги ордуна токтолуп, аларга жаңы бийиктиктерди багынтууга кайрат жана ишеним каалады.

Андан кийин институттун директору Меримкуль Керимкулова сөз сүйлөп, быйылкы чыгарылыш өзгөчө экендигин, т.а. КУУнун 100-бүтүрүүчүлөрү экенин белгиледи. Ал студенттерге кесиптик чөйрөдө тынымсыз өнүгүүнү, руханий жана моралдык принциптерге берилүүнү, ошондой эле университеттин баалуулуктарын сактап жүрүүнү каалады.

Куттуктоо сөзүн “Менеджмент” билим берүү программасынын жетекчиси Нелли Акылбекова улантып, бүтүрүүчүлөрдүн адис катары калыптанышындагы окутуучулардын зор салымын белгилеп өттү.

Бүтүрүүчү топтордун куратору Асель Эрмекова студенттердин төрт жылдык окуу жолун жылуу сезим менен эскерип, алардын активдүүлүгүнө, бири-бирине болгон колдоосуна жана окуу процесси үчүн көрсөткөн сый-урматына ыраазычылык билдирди.

Салтанаттуу сөздөрдөн кийин күндүн эң маанилүү бөлүгү — 66 бүтүрүүчүгө дипломдордун тапшырылышы болду. Ар бир студент окуудагы тырышчаактыгы, билимге болгон умтулуусу жана эмгеги үчүн татыктуу наам менен сыйланды. Залда кол чабуулар жаңырып, ата-энелер менен жакындарынын кубанычы жана бүтүрүүчүлөрдүн ыраазычылык сөздөрү угулуп турду.

Бул иш-чара жаш адистер үчүн маанилүү этаптын аягы жана жаңы жолдун башталышы болду. Кыргыз улуттук университети өз бүтүрүүчүлөрүнөн чын жүрөктөн сыймыктанат жана аларга ийгилик, шыктануу жана кесиптик өсүш каалайт!

Добавить комментарий