Билим берүү, илим-изилдөө, башкаруу сиcтемасында болсун, экономика, курулуш, агрардык сектордо болсун, учурда Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан сунушталып жаткан “Биргелешип өнүгүү концепциясы” мезгилге ылайык олуттуу концепция болуп саналат. Турмушубуздун кайсы гана чөйрөсүн албайлы, биргелешип иш кылуу маселеси дайыма актуалдуу, дайыма зарыл.
Аталган концепция билим берүү системасында айрыкча чоң үзүр берери анык болуп калды. Акыркы жылдыры өзгөчө макамга ээ болгон жогорку окуу жайлардын катарында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Президентибиз тапшырма катары айткан жаңы форматтагы университетти түптөө маселеси боюнча жаңы жол, жаңы нук изделип, активдүү иш-аркеттер жүргүзүлүүдө.
КУУнун ректору, УИАнын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.А.Абдрахманов “Биргелешип өнүгүү концепциясынын” алкагында Улуттук университетти өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ болгон төмөндөгү төрт маселеге өзгөчө көңүл буруп жатканы байкалат:
1. Окуу жайда иштеген илимий жана педагогикалык адистерге кам көрүү
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – бир кылымдык тарыхы бар, өзүнүн билим берүү жана илим-изилдөө нугу, ситемасы бар, өтө бай илимий, маданий салты, базасы бар, бакубат, куттуу университет. Университетти дал ушундай ар тараптан жетик, кубаттуу окуу жайы кылып турган – анда иштеп жаткан таланттуу, чоң окумуштуулар, тажрыйбалуу окутуучу-профессорлор. Кандай гана университет болбосун, ал анда эмгектенген илимий жана педагогикалык адистерге байланыштуу ѳнүгѳт. Ошондуктан, эгерде жаңы форматтагы университетти кургубуз келсе, биринчи кезекте окуу жайда иштеген чоң окумуштууларга, педагогдорго кам көрүүбүз зарыл. Колдон келсе, башка жактан да жогорку квалификациялуу адистерди университетке ишке тартуу өтө маанилүү.
Бактыга жараша, учурда аталган маселелер боюнча, тактап айтканда, университетти мыкты илимий-педагогикалык адистер менен камсыз кылуу, алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Маселен,
- учурда илимий-педагогикалык адистердин рейтинги аныкталып, эмгегине жараша айлык маянаны көтөрүү маселеси иштелип жатканы колдоого арзыйт;
- илим-изилдөө маселесине көңүл бурулуп, Улуттук университеттин адистерине кандидаттык диссертация коргогондугу үчүн 30 миң сом, докторлук диссертация коргондугу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө бир жолку сый акы төлөп берүү ишке ашырыла баштады;
- корголгон кандидаттык диссертациянын илимий жетекчисине, докторлук диссертациянын илимий кеңешчисине шакирти алган сый акынын 15 пайыз өлчөмүндөгү бир жолку төлөм төлөнө баштады;
- университеттин адистери Scopus, Web of Science системасына кирген чет элдик илимий басылмаларга макала жарыяласа, кеткен акчалай чыгымдын жарымын төлөп берүү маселеси чечилди;
- окуу жайында илим-изилдөө иштерин ар тараптан өнүктүрүүнүн дагы бир негизги жолу – окуу жүгүн Болон системасына ылайыкташтырып азайтуу маселеси жакынкы аралыкта чечилет деп ишенебиз.
Албетте, жогоруда аталган маселелердин чечилиши, биринчиден, университеттин илимий потенциалын жогорулатууга кам көрүү катары каралышы зарыл, экинчиден, стратегиялык маанидеги мындай иш-чаралар Улуттук университетте илим-изилдөө иштерин жандандырат, өнүктүрөт жана заманбап нуктагы окумуштуулардын жаңы толкунун жаратат деп эсептейбиз.
2. Окутуунун сапатын көтөрүү
Университетте окутуу ишин жогорку деңгээлге көтөрүү, жаңы, заманбап билим берүү технологиялары кеңири колдонулган, майнаптуу окутуу системасын түзүү, аны ийге келтирип, натыйжалуу пайдалануу – Улуттук университет үчүн учурда тагдыр чечүүчү маселе. Окутуунун сапатын көтөрүү багытында университетте төмөнкүдөй иштер аткарылып жатканы ачык байкалат:
- академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу алкагында окутуучу-профессорлордун илимий жана педагогикалык тажрыйба алмашуусу азыр болуп көрбөгөндөй активдешти. Университеттин окумуштуулары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларында өз адистиги боюнча курстарды өтүп, конок лекцияларды окуп, методологиялык семинарларды өткөрүп, илимий да, педагогикалык да тажрыйбаларын арттырып келишти;
- академиялык мобилдүүлүк студенттердин, магистранттардын арасында да жанданды. Башка жогорку окуу жайлардын студенттери, магистранттары Улуттук университеттин аудиторияларында мыкты окумуштуулардын лекцияларын угуп, билим алып, бул багытта да академиялык мобилдүүлүк үзүрлүү, натыйжалуу ишке ашырыла баштады;
- университетте адистик квалификацияны жогорулатуу багытында пайдалуу, кызыктуу курстар, семинарлар уюштурулуп, билим берүү ишиндеги учурдагы жаңылыктар, жаңы технологиялар тууралуу кеңири маалымат алуу, маалымат алмашуу алкагы түзүлдү;
- компьютердик жаңы технологияны колдонуп, интерактивдүү сабактарды өтүү маселесин чечүү максатында факультеттерде, институттарда видео, аудио аппараттары орнотулган атайы аудиторияларды уюштуруу иштери активдешти. Буга ар бир структура жетекчилери да аракет кылып, биргелешип, иштер аткарылууда.
Ырас, мындай иштер Улуттук университетте билим берүүнүн сапатын жогорулатары, чыгармачыл, жаңы сапаттагы окутуучуларды тарбиялап чыгууга өбөлгө болору анык.
3. Илимий-изилдөөлөрдү уюштуруу жана өнүктүрүү
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – ар түрдүү адистиктер боюнча илимий-теориялык идеяларды таратуучу, жаңы илимий концепцияларды, көз караштарды жаратуучу, Кыргызстанда көпчүлүк адистиктер боюнча илимий-изилдөөлөрдү уюштуруучу, өнүктүрүүчү университет болуп келген жана азыр да ошондой илимий макамга ээ жогорку окуу жайы. КУУ бүгүн да илимий көз караштарды аккумуляциялоочу университет болуп саналат. Андай жаңы идеялар, илимий концепциялар Улуттук университеттин расмий басылмасы болгон “КУУнун жарчысы” журналы аркылуу элге, тиешелүү илимий коомчулукка таратылып, кызыгууларды туудуруп турчу эле.
Тилекке каршы, буга чейин “КУУнун жарчысы” журналы да, КУУнун басмаканасы да жабылып, анда иштеген адистер тарап кеткен эле. Жакынкы аралыкта мына ушул кенемте толукталып, “КУУнун жарчысы” илимий журналы да, КУУнун басмаканасы да кайра калыбына келтирилди. Ректорубуздун бул кадамы абдан маанилүү. Анткени, биздин оюбузча, өзүнө тиешелүү илимий басылмасы, илимий басмаканасы жок жаңы форматтагы, заманбап университет түзүү мүмкүн эмес. “КУУнун жарчысы” журналы Улуттук университетте жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөө иштеринин күзгүсү, негизги барометри болуп саналат. Бул журнал – Улуттук университеттин үнү. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин порталына жарыяланган “КУУнун жарчысы” журналын бүтүндөй дүйнө жүзүндө окула турган, арымы кең электрон материалы катары да карашыбыз зарыл.
Кийинки маселе – “КУУнун жарчысы” журналын РИНЦ, Scopus басылмалар ситемасына кирген, импакт фактору жогору, олуттуу, абройлуу илимий журналга айлантуу маселеси алдыда турат. Буюрса, аталган багытта да иштер аткарылат деп ишенебиз. Илимий басылманын калыбына келтирилиши – Улуттук университетте илимий-изилдөө ишине көңүл бурулуп, аталган багытта муз ордунан жылгандыгынын белгиси. Албетте, олуттуу илимий басылманы түзүү биргелешип өнүгүүнүн көрсөткүчү да, көрүнүшү да болуп саналат.
4. Ар бир адистин университеттин өнүгүшүнө салым кошуусуна өбөлгө түзүү
Азыркы мезгилде ректорат тарабынан Улуттук университеттин өнүгүшүнө ар бир адистин салым кошуусу чоң мааниге ээ экендигин түшүндүрүү иштери активдүү жүргүзүлө баштады. Чындыгында эле, КУУда иштеген ар бирибиздин илимде, окутуу жана таалим-тарбия берүү ишинде жетишкен ийгилигибиз университетке алып келген негизги инвестициябыз, негизги салымыбыз экени анык. Улуттук университетте мына ушул маселеге олуттуу маани берилип жатканы маанилүү жана келечектүү жөрөлгө деп эсептейбиз.
Мындан сырткары ректор тарабынан ар бир адистин Улуттук университетке сырттан инвестиция тартып келүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлүп, университеттин материалдык-техникалык базасын биргелешип чыңдоо максаты көздөлүүдө. Аталган багытта да жетишилген ийгиликтер арбын.
Корутундулап айтканда, Улуттук университетте “Биргелешип өнүгүү концепциясына” төп келген ушул сыяктуу стратегиялык маанидеги иш-аракеттер план-ченемдүү, системалуу аткарылып жатканы кубандырат. Албетте, мындай иш-аракеттер Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров тапшырма катары айткан жаңы форматтагы университетти түптөөгө оболго болорунда шек жок.

(С) Т.С.Маразыков – УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор
