Өлкөбүздүн Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин беш университетке, анын ичинде Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине өзгөчө макам берип, аларды жакынкы мезгилдерде дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин сабына (миңдикке) кошуу тапшырмасын койгон. Бул оор жана түйшүктүү тапшырманы аткаруу жетекчинин иш билгилигинен, денгээлинен түздөн-түз көз каранды экендиги талашсыз.
Акыркы мезгилдерде Улуттук университеттин ректору Т.А.Абдырахмановдун алгылыктуу иштерин белгилеп коюш ашыкча болбойт деп ойлойм. Муз ордунан жылып, колго аларлык иштер болуп жатат. “Эшигин көрүп төрүнө өт” дегендей, окуу корпустарынын айланасында жагымдуу көрүнүштөр байкалып жатат.
Илим жана билим – бул куштун эки канаты сымал бири бирин толуктап турат. Окуу жайдын аброю анын илимий потенциалында. Бул илимий потенциалды өнүктүрүү максатында да бир топ жылыштар болуп жатат. Маселен, жакында эле “Scopus” жана “Web of Science” те индекстелген журналдарга жарыяланган илимий макалалардын 58 авторлоруна (авторлошторуна) 726250 сом төлөнүп берилди. “Scopus” же “Web of Science” те жарыяланган ар бир илимий макала үчүн импакт факторуна (IF) жана квартилдерине жараша (Q1, Q2, Q3, Q4) ага сарпталган акчанын жарымы төлөнүүдө. Ар бир жакталган кандидаттык жана доктордук диссертацияларга жана алардын жетекчилерине да акчалай каражаттар төлөнүп берилип жатат. Жакында эле ректордун университеттин профессордук жана окутуучулук курамдын илимий макалаларынын жарыялоосу жөнүндөгү чыккан буйругу туура чечим жана учурдун ааламдашуусунун табигый талабы. Илимди өнүктүрүү максатында дагы бир жаңылык – ички гранттарды каржылоо болуп жатат, албетте бул дагы жакшы жышаан. Академиялык мобилдүүлүк болобу же илимий иш сапар болобу ректор өзү тыкыр көзгө алып, университеттин пайдасына жана жыйынтыгы чыкчууларды колдоп келет. Окуу жайдын ар бир кызматчысы татыктуу маянага ээ болуусу керек. Бирок, азыркы шартка ылайык, рейтинг аркылуу маянага кошумчаланып берилиши туура маселе, себеби «ким иштесе, ал тиштейт» принциби табияттын принциби болуп келген жана ал принцип сапатты да жолго койот. Ошентип каражаттар туура жолго багытталгандай. Кыскасы айрыкча илим менен шугулданган ар бир инсандын горизонту көрүнүп жолу ачылгандай.
Тамчы куралып дениз болот дегендей, кел кесиптеш, алтын уя окуу жайыбыздын өсүп-өнүгүшү үчүн жаңы күч, жаңы дем менен шымаланып иштейли!

(С) Б.Э.Канетов – академик А.А.Бөрүбаев атындагы алгебра, геометрия, топология жана жогорку математиканы окутуу кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор