2025-жылдын 30-июнь күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин (КУУ) Окумуштуулар кеңешинин 2024/2025-окуу жылындагы соңку отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев алып барган жыйында негизги маселе катары “Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2022-2027-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Жыйындын башында ректор социалдык- гуманитардык илимдер институтунун «Жогорку мектептин педагогикасы» кафедрасынын доценти Майрамкүл Сатыбековага Улуттук аттестациялык комиссиянын чечими менен ыйгарылган “Педагогика илимдеринин доктору” окумуштуулук даражасынын дипломун, ал эми И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын ага окутуучусу Света Кабыловага “Педагогика илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасынын дипломун тапшырды. Ректор о.э. КР илимине эмгек синирген ишмер, Кыргыз-Орус Славян университетинин профессору Аттокур Жапановго “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору” наамынын дипломун тапшырып, мантиясын кийгизди.

Андан кийин, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев социалдык-гуманитардык илимдер институтунун профессору Камчыбек уулу Мырзабек жана С.А.Шакирова, Э.Б.Талгарбекова биргеликте даярдаган “Психологиялык консультациянын негиздери” аттуу окуу куралына Билим берүү жана илим министрлигинин грифин берүү жөнүндө билдирүү жасады.

Кыргыз филологиясы факультетинин “Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн технологиялары” кафедрасынын аталышын “Профессор К.Иманалиев атындагы филологиялык билим берүүнүн теориясы жана практикасы” деп өзгөртүү жөнүндө кыргыз филологиясы факультетинин деканы Бактыбек Жайлообаев маалымат берди.

Кыргыз-кытай институтунун директору Софья Апаева өзү жетектеген институттун аталышын “Кыргыз-кытай илимий-изилдөө институту” деп өзгөртүү сунушун киргизип, негиздеп берди.

Башкы имараттагы 250-дарсканага Кыргыз эл жазуучусу, КУУнун ардактуу профессору Абдиламит Матисаковдун ысымын ыйгаруу жөнүндө журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк билдирүү жасады.

Инвестициялар боюнча проректор Гульбара Сыдыкова “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин укуктук статусу жана ишмердүүлүгүнүн укуктук режими” тууралуу мыйзам долбоору жөнүндө маалымат берди.

“Кесиптик билим берүү программаларын ачуу” жөнүндө биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев билдирүү жасады.

“Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий ишмердүүлүгүнүн концепциясы” жана “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин  профессордук-окутуучулук курамынын жана кызматкерлеринин Scopus, Web of Science жана Google Scholar маалыматтык-аналитикалык базасында индекстелүүчү басылмаларга макалаларды илимий эмгек активдүүлүгүн шыктандыруу жөнүндө жобосу” тууралуу илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу маалымат берди.

Жыйындын соңунда КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев чыгып сүйлөп, “Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 2022-2027-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы жөнүндө” баяндама жасады жана суроолорго жооп берди.

Отурумдун жүрүшүндө күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча кызуу талкуу жүрүп, жыйынтыгында Окумуштуулар кеңеши тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий