Урматтуу санаалаштар!

30-сентябрда болуп өткөн өндүрүштүк жыйында жаңы ректорубуз Д.Т.Чонтоев ректораттын курамындагы айрым өзгөрүүлөрдү элге жарыя кылды. Мен мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректорлуктан өзүбүздүн кыргыз адабияты кафедрабызга профессорлук кызматыма кайра келдим…

Тээ 1979-жылы ал мезгилдеги ректорубуз, академик Кайып Оторбаев агай жаңыдан окууну бүтөрүм менен ишеним артып, куттуу уябызга алып калды эле. Жөнөкөй окутуучулуктан университеттин проректору кызматына чейинки жолду басып өттүм. 2016 – 2017-окуу жылында ал кездеги ректорубуз Чынара Үсөнбековна ишеним көрсөтүп дайындагандан берки 2024 – 2025-окуу жылынын аралыгындагы СЕГИЗ ЖЫЛДА окуу жайыбызда мамлекеттик тилдин абалы үчүн колдон келген иштерди жасадык.

  • Биринчиден, биздин демилгебиз жана уюштуруубуз менен баш калаабыздагы ЖОЖдордун студенттеринин мамлекеттик тил боюнча олимпиадасы туруктуу өткөрүлө баштады. Быйылкы окуу жылында, буюрса, VII олимпиада Э.Арабаев атындагы КМУда өтөт.
  • Экинчиден, мамлекеттик тил боюнча бөлүмүбүздүн уюштуруусу менен жыл сайын эки ирет баш калаабыздагы ЖОЖдордун окутуучуларына 72 сааттык көлөмдө семинар-тренингдер уюштурулуп, сертификаттар берилип келди.
  • Ал эми көптөгөн-көптөгөн республикалык, эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциялар, тегерек столдор өзүнчө сөзгө алынчу иш чаралар болду.

Дегеле биз жасаган жумуштар тууралуу элдин айтканы туура болор… Ошентсе да айрым бир учурларга токтоло кетмекчибиз.

  • Биринчиден, жалпы университеттин масштабында мамлекеттик тилдин ал-абалы тууралуу үч жолу эки айга созулган мониторинг өткөрүп, тиешелүү жыйынтыктарды чыгардык. Ал жыйынтыктар белгилүү бир натыйжаларга жетишибизге өбөлгө болду.
  • Экинчиден, ар кайсы сабактар боюнча тажрыйбалуу профессор, доценттердин мамлекеттик тилде окуу китептерин, окуу куралдарын жазуусун уюштуруп, аларды өкмөт жарыялаган тендерге катыштырып, тыкыр иштеген комиссиянын элегинен өтүүсүн камсыз кылдык. Натыйжада, 25 китеп министрликтин грифи менен басылып чыкты. Авторлорго калем акылар төлөнүп берилди. Дагы 5 китеп басылып чыгуунун алдында турат. Мындай натыйжа өлкөбүздөгү бир да ЖОЖдо болгон жок.
  • Үчүнчүдөн, сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасы катары сегиз жылдын ичинде 1 профессорубуз КР эл жазуучусу ардактуу наамына, ондогон кесиптештерибиз КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген, КР илимине эмгек сиңирген ишмер наамдырына, КР Ардак грамотасына ээ болуусуна өбөлгө түздүк, данакер болдук. Сегиз жылдын ичинде 118 адам министрликтин Ардак грамотасына, 63 кесиптешибиз “Элге билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине, 38 кесиптешибиз Мамтил комиссиясынын төш белгисине (5 миң сомдон акчалай сыйлыгы менен), 69 адам Ардак грамотасына, 4 институтубуз, 4 кафедрабыз да Мамтил комиссиясынын Ардак грамоталарына ээ болушту…
  • Төртүнчүдөн, университеттин китепкана фондун толуктоо комиссиясынын башчысы катары сегиз жылда көрүнүктүү окумуштууларыбыздын жалпы суммасы 836 250 сомду түзгөн 2320 даана китептери алынды.
  • Бешинчиден – мага зор моралдык канааттануу тартуулаган – университетибиздин 100 жылдыгына карата жаңы эн белгис менен жаңы туусун иштеп чыгуу боюнча комиссияны жетектөө болду. Нарк-насилди, билим берүүнүн, университеттин тарыхын терең билген комиссия мүчөлөрү менен чогуу жана мурдагы ректорубуз Төлөбек Абыловичтин жаңыны колдогон жакшы аракети менен (албетте, айрым бирөөлөрдүн каршылыгына карабай, Окумуштуулар Кеңешине үч жолу алып чыгып жатып) бир жарым жылдан бери колдонуп жүргөн жаңы эн белгибизге жана туубузга ээ болдук…

Албетте, биздин ордубузга дайындалган Назаркул байке Ишекеевге ийгиликтерди каалоо менен куттуу уябыз Улуттук университеттин алгалоосуна, гүлдөп өнүгүшүнө тилектешпиз…

Бар бололу. Аман бололу.

Добавить комментарий