Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев окуу жайдагы факультеттер менен институттардагы кафедралар/билим берүү программаларынын окутуучу-профессордук курамы менен жолугушууларды өткөрүүдө. Күнүнө төрт-беш жолу өткөрүлүп жаткан иш-чаранын негизги максаты – салттуу түрдө иштеп жаткан окутуучу-профессордук курамдын иш-аракетине жаңы импульс берип, дүйнөлүк университеттердин QS-рейтингине кирүүгө буруу.
Жолугушуунун жүрүшүндө аталган рейтингге кирүүнүн 10 критерийи боюнча кафедра/программаларда аткарылып жаткан иштер боюнча эркин пикир алышуу болду. Андан кийин Догдурбек Чонтоев жасалып жаткан иштерге ар бир критерий боюнча баа берип, критерийлерге жооп берген иштерге ыраазычыгын билдирди, ал эми жооп бербегендерин оңдоп-түзөө боюнча сунуштарын айтып, 2025-жылдын декабрь айына чейин убакыт берди.
Ректордун айтымында, жолугушуулардын дагы бир максаты – кафедра/программаларда ким, кандай иштеп атканын аныктоо, штаттык бирдиктерди оптималдаштыруу жана жаңы окуу жылына окуу жүгүн (саатарды) рационалдуу бөлүштүрүү. Жолугушуунун соңунда Догдурбек Чонтоев түзүмдөрдүн окутуучулук-прфессордук курамын Улуттук университетти QS-рейтингге киргизүү боюнча иштерге активдүү катышууга чакырды.
Белгирлей кетсек, аталган жолугушуулар июль айына чейин өткөрүлөт.







