2025-жылдын  14-январь күнү башкы имараттагы чоӊ жыйындар залында мамлекеттик тил сектору тарабынан уюштурулган “Тилдерди кесиптик багытта окутууда жасалма интеллектти колдонуу технологиялары -3” аталышындагы семинар-тренинг өз ишин баштады.

Иш чараны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, семинардын максаты жана күтүлүп жаткан натыйжалары тууралуу айтып берди.

7-жолу өткөрүлүп жаткан бул семинар-тренинг Улуттук университеттин жана борбор калаада жайгашкан жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын башын бириктирип, тилдерди окутуунун методу, заманбап шарттарга ылайыкташтырып билим берүүдө жаңы технологияларды жеткиликтүү деӊгээлде колдоно билүүнү айрыкча жасалма интеллектти колдонууну үйрөнүү максатын көздөйт.

Семинардын биринчи бөлүгүндө (түшкө чейин) И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун алдындагы педагогикалык колледждин ага окутуучусу, улуттук тренер Жаңыл Нуруева “Билим берүү жана AI мугалимдер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” деген темада 2 саатка созулган кызыктуу  тренинг өткөрдү.

Семинардын экинчи бөлүгүндө (түштөн кийин) Ала-Тоо эл аралык университетинин психология кафедрасынын ага окутуучусу Арууке Мансурова спикер болуп, ” Влияние искусственного интеллекта на психологию образования“ аталышындагы мастер-класс өттү.

Семинар 15-16-январь күндөрү уланат.

(С) Мырзагулова Динара – мамлекеттик тил бөлүмүн башчысы

Добавить комментарий