2025-жылдын 23-майында №10-окуу имаратында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун (мындан ары – «Бозжол» ФИБ) директору Саветбек Абдрасуловдун «Бозжол – Бозүйдүн пирамидалык түзүлүшүндө жана Боозүйдүн жарым шар-сфералык ааламында адамдын бозжолу (ыйык жолу)» аттуу (2 китепте) илимий эмгегин Ж.Баласагын атындагы КУУнун 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында кийинки басып чыгаруу максатында талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү.

Бул иш-чара Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Бозжол» философиялык изилдөө борбору тарабынан уюштурулду.

Жыйындын ишине Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, КРнын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Кыргызстан Эл аралык университетинин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү илимий жана коомдук ишмерлер катышты.

Алгы сөз менен «Бозжол» ФИБдин директору, философия илимдеринин кандидаты, доцент С.Абдрасулов чыкты.

Бул эмгектин маанилүүлүгүнө токтолуп, ал, ушул эмгектин жооптуу редактору Жылдыз Урманбетова айткандай, «100 пайыз болбосо да, 99 пайызы илимий жаңылыктардан турарын» баса белгиледи. Боз үй жана анын пирамидалык түзүлүлүшү, мисалы, төр – улага, казан – түндүк, эр – эп, башкача айтканда кыргыздын материалдуу дүйнөсү менен руханий дүйнөсүнүн айкалышы, ирээти экенин көрсөтүп гана тим болбой, ал кыргыздын адеп-ахлактуулугунун (нравалуулугунун) онтологиялык негизи экенин көрсөтө кетти.

Эмгек 2 (эки) китептен туруп, кыргыздын руханияты тууралуу же «Кыргыз ким?» деген суроо жарала турган болсо, боз үй пирамидасынын чечмелөөсүндө керектүү жооптор ушул эмгекте көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Андан кийин жыйындын темасы боюнча төмөнкү илимий адистер чыгып сүйлөдү:

  • Урманбетова Жылдыз Карыбаевна – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн профессору, философия илимдеринин доктору, жооптуу редактор;
  • Бөкөшев Жамгырбек Бөкөшевич – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин философия бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору, профессор, рецензент;
  • Каниметов Эмил Жангорозович – И.Арабаев атындагы КМУнун докторанты, профессор, философия илимдеринин кандидаты, рецензент.

Талкуулоо темасы боюнча төмөнкү адистер өз ойлору менен бөлүштү:

  • Койчиев Арслан Капайович – КРнын Президентинин кеӊешчиси, КРнын эл жазуучусу;
  • Төрөгелдиева Бактыкан Макишевна – КРнын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик саясат жана башкаруу» илимий-изилдөө кафедрасынын жетекчиси, профессор, саясий илимдеринин доктору;
  • Алымкулова Сынару Кадыровна – И.Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Кыргызстан тарыхы жана этнология кафедрасынын профессору, тарых илимдеринин доктору;
  • Курманбекова Айсулу Асановна, «Изо-Пенопласт ЛТД» ЖЧКнын негиздɵɵчүсү, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетинин бүтүрүүчүсү;
  • Султамбаев Медетбек Ороскулович, КРнын Коомдоштуктарын өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) мониторинг жана баалоо боюнча улук адиси;
  • Кадыров Арген Ишенбекович, Кыргызстан Эл аралык университетинин улук окутуучусу, философия илимдеринин кандидаты.

Иш-чаранын жүрүшүндө жыйындын катышуучулары ушул эмгектин маанилүүлүгүн белгилеп, «Бозжол» философиялык изилдөө борборуна талкууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди, өзгөчө КУУнун ректору Д.Т. Чонтоевдин ушул Борборду ачуунун зарылдыгын кесипкөй түшүнүгүн баса белгилеп, илимий эмгектин тез арада өзүнчө китеп болуп жарыкка чыгышына тилектештигин билдирди.

Жыйындын катышуучулары «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун ишинин жемиштүү башталышын канааттануу менен белгилеп, бул таптакыр жаңы илимий эмгекти талкуулоого шарт түздү.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Илимий-техникалык кеңешинин кезектеги жыйынында ушул эмгекти кароо сунушу менен талкуу аяктады.

(С) Тургунбеков Жамалбек Рафикович – Ж.Баласагын атындагы КУУнун «Бозжол» философиялык изилдөө борборунун илимий кызматкери

Добавить комментарий