Куттуу уябыз Улуттук университетке карата кыргыз бийлигинин каңырык түтөткөн мамилеси тууралуу бул макаланы 2020-жылы октябрь окуяларына бир ай да боло электе жазган экенбиз. Жаңы бийликке кулак кагыш катары, Улуттук университетке бир аз да болсо көз кырын салдыруу аракетинде жазган элек. Тилекке жараша, өткөн төрт жыл ичинде Улуттук университетибизге өзгөчө макам берилди. Бир кезде таланган имараттарыбыз ал жерди ээлеп алган окуу жайлары менен кошо кайрадан өзүбүзгө өтө баштады…
Эмдиги жылы 100 жылдыгы белгилене турган КУТТУУ УЯБЫЗ бүгүн өсүп-өнүгүүнүн, жаңыча иш алып баруунун, өлкөбүздөгү ЖОЖдордун көч башында турган бийиктигине жетүүнүн өзүмдүк жолуна ТҮШТҮ…
Улуттун улуттугун сактоо менен билим берүүнүн дуйнөлүк стандарттарына умтулуу КУТТУУ УЯБЫЗДЫН эң башкы озуйпаларынын бири…
Бар бол, Улуттук университет!..